2022–жылдын 31-январь күнү университеттин Окумуштуулар кеңешинин V отуруму болуп өттү.

Аталган отурумда күн тартибине ылайык “Инновациялык технологиялар” ИИИнин, илим жана аспирантура бѳлүмүнүн, “Илим.Билим.Техника” эл аралык журналынын 2021-жылдагы ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары жана ѳнүгүү перспективалары; Университеттин 2021-жылдагы илимий ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык эсеп-кысабы жана ѳнүгүү перспективалары каралып, суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.

Жыйынтыгында илим багытында жүргүзүлгөн иштердин жылдык эсеп-кысабы Окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылды. Соңунда илимий ишмердүүлүк боюнча жыл мыктылары аныкталып Грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Отурумга Окумуштуулар кеңешинин жана өндүрүштүк кеңештин кеңейтилген курамынын жалпы мүчөлөрү катышты.
Жыйынтыгында биздин «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасы «ЭҢ МЫКТЫ КАФЕДРА» номинациясына ээ болду.
Андан сырткары «ТИОУ» кафедрасынын академиги Смаилов Эльтар Абламетович «Мыкты ойлоп табуучу» номинациясына ээ болду

   

 

» ТИОУ» кафедрасынын б.и.д., профессор Самиева Жыргал Токтогуловна «Мыкты илим доктору» номинациясына ээ болду.

 

 

» ТИОУ» кафедрасынын б.и.д., профессор Самиева Жыргал Токтогуловна «Мыкты илим доктору» номинациясына ээ болду.

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасынын б.и.д., профессор Самиева Жыргал Токтогуловна Ташкент шаарындагы симпозиумда






Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial