ФИЗИКА ЖАНА МАТЕМАТИКА ОКУТУУНУН УСУЛУ
МАДАНИЙ МАССАЛЫК ИШТЕР
Кафедранын окутуучулары университеттик, шаардык жана мамлекеттик деңгээлдерде уютурула турган маданий-массалык иштерге активдүү катышышып келишүүдөө. Жыл башында түзүлгөн куратордук иш планына ылайык кураторлор студенттер менен бирге мамлекеттүүлүктү бекемдөө, улуттар аралык достукту чыңдоо, мекенди сүйүү темалары сыяктуу семинарлар, тегерек столдор, талкуулар уюштурулууда. «Гранит» телестудиясы, «Достук планетасы» газетасы окутуучулардын жана студентердин маданий-чыгармачылык эс алуусуна, чыгармачылык-изденүүсүнө тийиштүү шарттарды камсыздоодо. Кафедранын студенттери университеттер аралык өткөрүлгөн спорттук мелдештерге, маданий кароо-сынактарга, ар түрдүү деңгээлде өткөрүлѳ турган олимпиадаларга активдүү катышышып, алдыңкы орундарга татыктуу болуп келүүдѳ.
Кыргыз-Ѳзбек университетинин 25 жылдык маарекесина карата уюштурулган “Устат — шакирт” кароо сынагынын катышуучусу ФМББ(физика)-15 тайпасынын студенти Муратбек к Гулера.