ФИЗИКА ЖАНА МАТЕМАТИКА ОКУТУУНУН УСУЛУ
Кафедранын паспорту
«Математика, физика жана окутуунун усулу» кафедрасы негизинен 550200 Физика – математикалык билим берүү багыты, (профиль: математика жана физика) боюнча бакалаврларды даярдайт. Окуу процессин жогорку денгээлде уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген мамлекеттик стандарттын негизинде окуу планы иштеп чыккан.
Бакалаврдын кесиптик ишмердүүлүгүнүн мүнѳздѳмѳсү:
Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чѳйрѳсү
Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектиси
Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлѳрү
Андан сырткары кафедранын бүтүрүүчүсү өзүнүн багыты боюнча магистратурада окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Окуу – усулдук иштери
Профессордук – окутуучулар курамы тарабынан сабактардын жумушчу программалары, окуу-усулдук комплекстер, лекциялар, сынак билеттери, практикалык сабактарды өтүү үчүн тапшырмалардын базасын үтүр жаңылап иштелип чыгууда.
Кафедранын окутуучулары студенттердин билимин баалоодо рейтингдик-модулдук ыкмасын жана AVN маалымат программасын колдонушат.
Бекитилген графиктердин негизинде окутуучулардын сабактарга өз ара катышуулары жүргүзүлөт жана кафедра башчысы тарабынан өтүлүүчү сабактын сапатына текшерүү иштери алып барылат.
Кафедранын ишмердүүлүгү баардык багыттар боюнча түзүлүп, бекитилген жылдык жумушчу пландын негизинде ишке ашат.
Кафедранын мүчѳлѳрү мамлекет тарабынан кабыл алынган «Кѳп тилдүүлүк CLIL» долбоору боюнча уюштурулган семинарларга катышып сертификаттарга ээ болушту жана алган билимдерин окуу процессине жайылтууда.