ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДИ ОКУТУУНУН УСУЛУ
КӨУ нин » Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасынын жалпы жамааты «ТИОУ» кафедра башчысы, г.и.к.,доцент Камилова Лола Токтомуратовнаны куттуктайт!
Мугалим болот момолуу барак, Мугалимдин тарыхы бар чексиз барак.
Талыкпастан студентка билим берип,
Эн алгачкы мугалим сабат учат.
Мугалим кандай гана ардактуу соз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык топтому, алысты коро билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай баеоо конулун, буткул чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терен билим, мыкты тарбия берууго жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.
КОУнин 25 жылдыгына карата жана коп жылдык узурлуу эмгеги учун Кыргыз Республикасынын Окмотунун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун Ардак Громатасы менен сыйланышын кафедранын жалпы жамааты куттуктайт!
Камилова Лола Токтомуратовна сизге чын — ден соолук, ишинизге ийгиликтерди каалайбыз!
Табигый илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Камилова Л.Т. 5-6-март күндөрү Жалал-абад областынын Токтомамтов атындагы университетине аккредитация боюнча эксперт болуп барып келди.
Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү
12-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинин ЖОЖдорго чейинки даярдык борбору тарабынан, аталган окуу жайдын жалпы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга жалпы 300гө жакын бүтүрүүчү келип, окуу жайга болгон сагынычтарын, мугалимдерге болгон ыраазычылыктарын билдиришти. Уюштуруу тобу тарабынан концерттик программа тартууланып, бүтүрүүчүлөр тиешелүү факультеттерине, бөлүмдөрүнө экскурция кылышып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, жакындан таанышып кайтышты. Жолугушууга Табигый илимдер окутуунун усулу кафедрасынан бүткөн бүтүрүүчүлөр да келишип, катышты. Бүтүрүүчүлөр менен жолгушуп, маектешүүлөр болду.
Иш чаранын негизги максаты бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүп, алар менен тыгыз иш алып баруу болуп саналат.
Бүгүн 16.03.18. «Табигый илимдер окутуу усулу» кафедрасынын 102С аудиториясында ТИББ-тайпаларына адаттагыдай эле «Занимательная биология» кружогу болуп өттү. Кружокту Эркебаева Ж.Н. жетекчилиги астында «Дары өсүмдүктөр биздин турмушта» деген темада ТИББ-14 тайпасы өтүп беришти. Кружокто дары өсүмдүктөр жөнүндө, айрыкча бөлмө дары өсүмдүктөрүнө, алардын мааниси, пайдалуу жактарына көбүрөөк басым жасалды. Маалыматтарды теория түрүндө гана айтышпастан айрым рецепттерин практикалык түрүндө көрсөтүп беришти.
14.04.18. Ош гуманитардык педагогикалык институтунда VII аймактык регионалдык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага биздин кафедрадан да Биология, география, экология предметтеринен студенттер барып катышып келишти. Жыйынтыгында «Биология» (профиль эмес) преметинен ТИББ-17 тайпасынын студенти Эргашова Шахноза 1-орунду, «Биология» (профиль) предметинен 2-орунду ТИББ-14 тайпасынын студенти Мирзакасимова Диера, 3-орунду ТИББ-15 тайпасынын студенти Кутпидин кызы Наргиза ээлеп кайтышты. Ал эми география (профиль эмес) предметинен ФМБ-16 тайпасынын студенти Ирискулова Альбина 2-орунду ээледи.
Кыргыз-Өзбек университетинде аккредитацияга даярдык көрүү максатында ААОПО « Профессионалдык билим берүүнүн уюштурууну жана программаларды аккредитациялоонун көз карандысыз аккредитациялоону жүргүзүү» деген темада университеттин жалпы окутуучулар жамаатына семинар болуп өттү. Семинарга Табигый илимдер окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Эркебаева Жанан Нурдинбекова катышты.
ТИОУ кафедрасынын «Көп тилдүү ресурстук борборунда» улук окутуучу Сабитова Г.Ш. Табигый-педагогикалык факультетинин мугалимдер жааматына «Блум таксономиясы негизинде пландаштыруу» деген темада семинар өтүп берди. Семинарга факультеттин жалпы жааматы катышышты. Бул семинар «Аккредитацияга» даярдык көрүү максатында болуп өттү.
ТАРБИЯЛЫК ЖАНА МАДАНИЙ – МАССАЛЫК ИШТЕРИ
Кафедранын студенттерин кесипке даярдоо менен эле бирге, аларды ар тараптуу өнүгүү багытында да иш чаралар уюштурулган.
Тарбиялык иш чаралар. Тарбия – адам баласынын денгээлин көрсөтүүчү негизги өзөгү болуп эсептелет. Кафедрадагы тарбиялык иш чаралар студент жаштардын Ата-Мекенге болгон патриоттук сезимдерин жогорулатуу, өнүктүрүү, Мекенин таанууга, сүйүүгө жана коргоого, эл-жерине кызмат кылууга, ал үчүн терең билимдин зарыл экендигине негизделген. Студент жаштардын ар тараптан бышып жетилүүсүн, терең билим жана мыкты тарбия алуусун камсыздоо – кафедранын тарбиялык иш чараларынын негизги багыты, башкы максаты. Бул жагдайда кафедрада бир катар маданий-массалык иш чаралар жолго коюлган.
Табигый илимий билим берүү кафедрасында кружоктор, семнарлар, жолгушуулар ж.б. ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат.