ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДИ ОКУТУУНУН УСУЛУ
Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү
12-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинин ЖОЖдорго чейинки даярдык борбору тарабынан, аталган окуу жайдын жалпы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга жалпы 300гө жакын бүтүрүүчү келип, окуу жайга болгон сагынычтарын, мугалимдерге болгон ыраазычылыктарын билдиришти. Уюштуруу тобу тарабынан концерттик программа тартууланып, бүтүрүүчүлөр тиешелүү факультеттерине, бөлүмдөрүнө экскурция кылышып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, жакындан таанышып кайтышты.Жолугушууга Табигый илимдер окутуунун усулу кафедрасынан бүткөн бүтүрүүчүлөр да келишип, катышты. Бүтүрүүчүлөр менен жолгушуп, маектешүүлөр болду.
Иш чаранын негизги максаты бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүп, алар менен тыгыз иш алып баруу болуп саналат.