КОЛДОНМО МЕХАНИКА ЖАНА КӨРКӨМ ДОЛБООРЛОО ТЕХНОЛОГИЯ МИҢБАРЫНЫН ТАРЫХЫ
1994-жылы сентябрь айында Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи ачылган. Аталган окуу жайдын базасында 1994 ж. октябрь айында «Жалпы техникалык сабактар» миңбары уюшулган. Миңбардын биринчи жетекчилик милдетин техника илимдеринин доктору, профессор Мамасаидов М.Т. аткарган. 1998-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен миңбар Колдонмо механика миңбары болуп өзгөргөн. 1997-2000-ж миңбарды т.и.к., доцент Бакиров И. А.; 2000-2003жылга чейин миңбарды т.и.к.,доцент Алив М.И; 2003-2005жылдары т.и.к., доцент Якубов Т.Т.; 2005-2008 жылдары т.и.к., доцент М.М.Исманов; 2008-2010-жылдары Сатыбалдиев А.; 2010-2011жылдары т.и.к. Махмудов Х.А.; 2011-2014-жылга чейин т.и.д., профессор М.Т.Мамасаидов кайрадан миңбарды жетектеген.
2013-жылы миңбардын аталышы өзгөрүп «Колдонмо механика жана көркөм долбоорлоо технология» миңбары болуп кайра түзүлгөн.
2014-жылдын сентябрь айынан баштап «Колдонмо механика жана көркөм долбоорлоо технология» миңбарын техника илимдеринин кандидаты, доцент Исаев Ильязбек Эркинбаевич жетектеп келүүдө.