тарыхы башка фариант

Факультеттин тарыхы 

Табигый – Педагогикалык факультетинин тарыхы

 

Кыргыз –Өзбек Университетинин курамында 1998-жылы мектеп окутуучуларын даярдоо максатында Өзбек – педагогика факультети ректордун № 22/Д  буйругунун негизинде түзүлгөн. Факультет кийинки окуу жылы университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча Табигый – Педагогикалык жана Гуманитардык факультеттерине бөлүнгөн.

Ал эми 2001-жылы Табигый – Педагогикалык факультети экиге бөлүнүп Табигый –математикалык жана Музыка — педагогикалык факультеттери уюштурулган. Университеттин 2005-жылдын январь айындагы окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча структуралык түзүмдөр оптималдаштырылып, кайрадан өз алдынча Физика — математикалык жана Табигый – географиялык факультеттери түзүлгөн.

2013-жылдын август айындагы Университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде Табигый –педагогикалык факультети кайрадан түзүлгөн.

Факультеттин деканы кызматында 1998-жылы п.и.к. профессор Худайбердиев А.Х., 2001-жылы п.и.д. профессор Джораев М.Д., 2003-жылы п.и.к., доцент Ташходжаев Ш.А., 2005-жылы п.и.к. Анаркулов Р.Ф., 2006-жылы б.и.к., доцент Киргизбаев А., 2007-жылы х.и.к. Мурзабаев Б.О., 2010-жылы ф-м.и.к., доцент Зулпукаров А. З., 2014-жылдан бери п.и.к., доцент Узакбаев И.С. жигердүү эмгектенип, аймактын билим берүү мекемелерине компетенттүү мугалимдерди даярдоодо салымдарын кошууда.

 

Табигый – Педагогикалык факультетинин максаты – жаштардын билимин, илимин, руханий, адеп-ыйман жана маданий баалуулуктарын калыптандырууга, байытууга жөндөмдүү, кесипкөй, компетенттүү адистерди даярдоо; көп тармактуу кесиптик билим жана маданият аркылуу Борбордук Азия элдеринин достугун, биримдигин бекемдөө.

Табигый — Педагогикалык факультети негизделген күндөн  2012-13 — окуу жылына чейин төмөндөгү жогорку билимдүү адистиктер боюнча мугалим квалификациясын ыйгаруу менен даярдап келген:

— 540202. Физика;

— 540201. Математика;

— 540203.Информатика;

— 540101. Химия;

— 540102. Биология;

— 540103. География;

— 521903. Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия;

— 540605. Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу;

Ал эми 2012-2013-окуу жылынан баштап факультет эки баскычтуу (бакалавр, магистр) билим берүү системасына өтүп,  4 багыт боюнча студенттерди  кабыл алууну жүргүзөт:

550200. Физика-математикалык билим берүү (профилдери: математика, информатика, физика);

— 550100. Табигый илимий билим берүү (профилдери: химия, биология, география);

— 550700. Педагогика (профили: башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу, мектепке чейинки тарбия );

— 531500. Дене тарбия (профилдери: педагогикалык, аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия);

Табигый-педагогикалык факультетинде бүгүнкү күндө 1583 студент билим алып жатышат. Анын ичинен күндүзгү бөлүмдө бюджеттик негизде -284, контрактык негизде- 350 студент, сырттан окуу  бөлүмүндө 949 студент билим алышат. Факультетте даярдалган жогорку билимдүү бүтүрүүчүлөрдүн саны диаграммада берилген.

 

 

 

менен жаралган илимий макалалар түрдүү деңгээлдеги конференцияларда угулуп, илимий журналдарда басылып жарыкка чыгып, усулдук колдонмолор, окуу куралдары жана окуу китептери жүздөгөн окурмандарга тараган. Мисалы;  Факультеттин ПОЖ тарабынан Кыргыз-Өзбек университетинин «Наука, образование, техника» журналында 20жыл аралыгында басылып чыккан илимий макалалардын гана саны 155ти түздү.

Факультет окуу-усулдук иштерин жүргүзүүгө 80ден ашык компьютерден турган 6 заманбап үлгүдөгү компьютердик класстар жана 9  химия, биология, физика, зоология, спорттук медицина, дарылоо дене тарбиясы, укалоо жана ден соолукту калыбына келтирүү  предметтери боюнча  атайын лабораториялык кааналар жана 5 лекциялык, 19 практикалык кааналарда 12 даана интерактивдүү доскалар менен жабдылып окутуучулардын сабактарын презентациялоого шарт түзүлгөн, спорттук оюндар жана спорттук гимнастикалык залдар, спорттун түрлөрү боюнча ачык, таза абадагы жайкы 5аянтчалар, жасалма чөп төшөлгөн 1мини футболдук  талаа менен жабдылган.

Студенттерге билим берүүдө факультет кредиттик технология колдонулуп, модулдук-рейтингдик системасы, компетенттүүлүк мамиленин негизинде окутуунун натыйжасын ачык-айкын жетишүүнү баалооо, билим берүүдө көп тилдүүлүк (CLIL) программасы боюнча пилоттук тартипте 1-2-курстарга  иштер алынып барылып жатат. Ошондой эле  факультеттин окуу иштери боюнча бардык иш кагаздары AVN маалыматтар системасына өткөрүлгөн.

Факультетин профессордук окутуучулар курамынын   Студенттердин предметтерди терең өздөштүрүүсү, илимий-изилдөө иштерине тартылуусуна өбөлгө түзүү максатында , алектенүүсүнө  жакшы шарттар түзүлүп “Жаш математик”, “ Информатика аалам кучагында”,  “Эврика” ,“ Жаш педагог”, “Познай себя”, “ Путь к успеху”,  “Занимательная биология”, “Информатика в современном мире”, “ Юный эколог”, “Современные технологии и методики обучения” предметтик илимий кружокторунда 105 студент ашык студенттер сабактардан кийинки мезгилде билимин тереңдетип жетекчилердин жардамында изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Илимий практикалык конференциялар, предметтик олимпиадалар атайын түзүлгөн план боюнча такай өткөрүлүп турат.

Тарбиялык иштердин уюштуруу борбору болуп факультеттин деканаты  эсептелинет. Деканаттын эң негизги маселеси  —  бардык окутуучулардын жана кызматкерлердин факультеттин жана университеттин студенттерин интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлак  өнүгүүсүнө  жумшалган күч аракеттерин бириктирүү. Факультеттин уюштуруу түзүлүшүндө декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары караштырылган, анын милдети болуп факультеттин тарбиялык  процессин пландаштыруу жана уюштуруу, студенттик кеңештин ишине жардам берүү.

Факультеттин кураторлору, декандын орун басары  жана студенттердин өз алдынча башкаруу кошунунун күчү менен жыл сайын төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт. Салтка айланган шартта студенттер арасында 1-курстарга «Студенттикке кабыл алуу, Ыйгарым аземи», 2-курстарга «Алтын ортолук», 3-курстарга « Менин биринчи өз алдынча өткөн сабагым» аттуу мектеп практикасынын конкурсу, 4-курсарга «Бүтүрүү кечеси», жатаканада жашагандар арасында КВН, «Нооруз» майрамына карата элдик үрп-адаттар, салттарды кеңири чагылдырылган конкурсттар жана элдик оюндар боюнча жарыштар,  сүмөлөк кайнатуу шан -шөкөтүү, «Сармерден» кыз-жигит кароо сынагын өткөрүү адатка айланып калган, белгилүү күндөргө, майрамдарга карата дубал газеталардын конкурстары кызыктуу түрдө өткөрүлөт.

Кыргыз-Өзбек университетинин 25-жылдык маарекесине, « 2019-жыл – Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата профессордук окутуучулар жана көмөктөшүүчү кызматкерлер арасында өткөрүлгөн  «Устат — шакирт» кароо сынагында талантту жаш окутуучу Дарыбек уулу Дилафар жана студентибиз Муратбек кызы Гулира « Баш байгени» жеңип алуусуна бүт факультеттин жамааты салымын кошту.

Факультетте окутуучуларга жана студенттерге волейбол, футбол, баскетбол, стол тенниси, жекече таймашууларды камтыган спорттун түрлөрү боюнча  15 секцияларда  250дөн ашык студенттердин ден –соолугун чыңдоого, спорттук чеберчилигин өркүндөтүүгө багытталып иш жүргүзөт.

 

 

 

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial