Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата «Жүз жылдар мындан кийин да…» аталышында поэзиялык кече өттү.
10-ноябрь күнү тарых-филология факультетинде поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата «Жүз жылдар мындан кийин да…» аталышында поэзиялык кече өттү.
Кечеге факультеттин деканы Назира Тилекова, тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары Равшан Абакулов, кыргыз филология кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаилова жана окутуучулар катышты.
Студенттер акындын ырларынан көркөм окуп, обондуу ырлары аткарылып, «Ак Мөөр» поэмасынан үзүндү көрсөтүлдү.
Иш чараны кыргыз филология кафедрасынын окутуучусу Абдимиталип кызы Нуриза ФО(КЯ)-1-20 куратордук тайпасы менен биргеликте уюштурган.
________________
Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айлында жарыкка келген.
Акындын жалпы кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн.
Эралиевге «Күнгө эстелик», «Жаркыраган ашуу» аттуу орусча ыр китептери үчүн 1981-жылы Александр Фадеев атындагы медалдын ыйгарылышы анын чыгармачылыгын бүткүл Союзга таанымал болушунун айкын далили болгон эле. 1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1974-жылы «Кыргыз Эл акыны», 1986-жылы «Кыштак кечтери» аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.
1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.
2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын «Алтын көпир» аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.
«Элдердин достугу» ордени; Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени; III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
2006-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген ардак наам берилген.
Кыргыз адабиятынын классиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев 2016-жылы 16-июль күнү 95 жаш курагында каза болгон.




