Ооган согушунун ардагерлери сыйланды
Бүгүн Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 33 жылдыгынына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери сыйланды.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жана профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев «ооганчыларды» советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалап, жалпы жамааттын атынан акчалай сыйлыктарды тапшырышты.