Окуу усулдук  иштер

Окуу –усулдук иштери.

 «Колдонмо механика жана көркөм долбоорлоо технология»  миңбарысы минбарында ар бир сабак боюнча окуу кабинеттер жана лабораториялар түзүгөн. Лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактар жогорку окуу- методикалык денгээлде өткөрүлөт.

Минбарда жалпысынан 69 дисциплина окутулат, алардан 58 дисциплина жалпы билим берүүчүлүк мүнөздө болсо болсо, ал эми калганы атайын адистикке тиешелүү сабактар болуп эсептелет. Жогорудагы дисциплиналар окуу планына ылайык өткөрүлөт. Минбардын дисциплиналары боюнча адабияттар жетиштүү абалда.

Студенттерди сабактан тышкаркы иштерге активдүү катыштыруу боюнча жана студенттердин кызыгуусунун натыйжасында  ийридер  иштейт.Костюмдарды көркөм долбоорлоо  сабактары  боюнча лабораториялык кабинеттер, Эксперименталдык Лаборатория « Грация» иш алпарып окутуучулар жамааты жана студенттер кийимдердин ар түрдүү коллекцияларын  иштеп чыгышат жана  Ош шаарындагы жана Республикалык денгээлдеги кароо сынактардын женүүчүлөрү. Жыл сайын минбарда окутуучулар тарабынан студенттер үчүн дисциплиналар боюнча методикалык колдонмолорду чыгаруу иши каралат.Адистиктер боюнча терен билим берүү иретинде минбардын окутуучулары тарабынан окутуунун жаны инновациялык технологияларын пайдалануу жолго коюлган жана сабактарда колдонулат. Окуу планына ылайык курстук ишти аткаруу минбарда жакшы денгээлде жүргүзүлөт..Дисциплиналар  боюнча курстук иштин тематикасы миңбарынын отурумунда каралып ,талкууланып бекитилет.Бекитилген курстук иштин темалары студенттерге таратылып берилет да ,ал окутуучунун көзөмөлүндө ишти аткарат. Аткарылган курстук ишти студент минбар тарабынан түзүлгөн комиссиянын алдында тапшырат.

 

Минбарга тиешелүү сабактар үчүн окуу кабинеттер жана лабораториялар түзүлгөн.Лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактар жогорку окуу- методикалык денгээлде өткөрүлөт.

««Колдонмо механика жана көркөм долбоорлоо технология»  миңбарысы Республикабыздагы жана КМШ мамлекеттериндеги жогорку окуу жайлары, илим-изилдөө институттары жана ишкана уюмдар менен тыгыз байланышта жана үзүрлүү алып барууда.

        

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial