Окуу-усулдук иштери
Окуу жана материалдык-техникалык базасы, китепкана фонду
Факультеттин кафедраларындагы окуу пландары, усулдук иштери, тиешелүү предметтердин жумушчу программалары, силлабустары, окуу-усулдук комплекстери мамлекеттик стандартка жана нормативдик талаптарга ылайык келүү менен бирге, факультеттеги окуу-усулдук кеңештеринде талкууланып түзүлгөн. Кафедрада аккредитациянын талаптарына ылайык иш жүргүзүлүп, анын негизиндеги стандарттар боюнча документтер жана папкалар даярдалууда. Факультеттеги багыттар боюнча НББП иштелип чыгып, анын негизинде жумуштар алынып барылууда.
Тарых-филология факультети университеттин №1 окуу имаратында жайгашкан. Факультет 29 окуу каанасына ээ, алар 4 лекциялык каанадан, 16 практикалык каанадан, 2 компьютердик каанадан, 4 кафедралык жана 3 деканаттык каанадан турат. Ар бир окуу кааналары жооптуу тайпаларга жана окутуучуларга бекитилген. “Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү”, “Славян маданияты”, “Англис ресурстук борбору”, “Манас таануу”, “Айтматов таануу” борборлору иш алып барышат.
Окуу процессинин оптималдуу жүрүшүнө окуу-кааналарда бардык шарттар түзүлгөн, окуу-процессинде пайдалануучу керектүү иллюстративдик-көргөзмө материалдар менен жасалгаланган.
Кааналардын жасалгалоосу окуу жана санитардык-гигиеналык талаптарга туура келет.