Окуу-усулдук ишмердүүлүк
Окуу-усулдук ишмердүүлүк
Кыргыз филология кафедрасында окуу-усулдук ишмердүүлүгүнүн аткарылышы талапка ылайык деӊгээлде жүргүзүлөт. Кафедра тарабынан филологиялык билим берүү багыты боюнча окуу пландары иштелип чыгып, жумушчу окуу пландары окуу департаменти тарабынан бекитилип, анын негизинде профилдик дисциплиналар боюнча окутуучулар тарабынан жумушчу программалар иштелип чыккан.
Филологиялык билим берүү багытында окуган студенттер үчүн окуу китептери менен камсыздалган. Студенттерге билим берүүдө материалдык-техникалык база талапка жооп берет. Ар бир аудиторияларда электрондук доскалар менен жабдылган.
Кыргыз филология кафедрасынын окутуучулары студенттердин билимин тереӊдетүү, интеллектуалдык деӊгээлин жогорулатууда окутуунун жаӊы технологияларынын негизинде сабак өтүшөт.
2020-2021-окуу жылынын I жарым жылдыгына пландаштырылган ачык сабактар график боюнча өтүлдү.
Сентябрь айында кафедра окутуучулары Исмаилова С.Ж., Кашкариева М.А. Кыргыз тили жана адабияты предметинен “Татаал сөздөр жана анын жазылышы. Улуттук суусундуктар”, “Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы. Саяпкерлик” деген темаларда ачык сабактарын жогорку деңгээлде өтүшүп, «эң жакшы» деген баага татышты.
Октябрь айында кафедра окутуучулары Кыргызбаева Р.З., Абдимиталип кызы Н. Кыргыз тили жана адабияты предметинен “Омонимдер. Көп маанилүү сөздөрдүн жазылышы. Кудалашуу салты”, “Эскирген жана жаны сөздөр, алардын кепте колдонулушу. Курманжан датка.” деген темаларда ачык сабактарын жогорку деңгээлде өтүп беришти.
Ноябрь айында кафедра окутуучусу Алибекова Ө.Б., Синтаксис предметинен “Бышыктооч, анын түрлөрү” ф.и.к., улук окутуучу Жусуева С.К. Көркөм окуу предметинен «Адабий чыгармаларды жанрдык тектер боюнча көркөм окуу» деген темаларда ачык сабактарын эң жогорку деңгээлде өтүп беришти. Сабак өз максатына жетип «эң жакшы» деп бааланды.
Декабрь айында п.и.к., доцент Усарова Г.О. КЧЖБЭА предметинен «Өзбек адабияты», кафедра окутуучусу Акматова С.Р. Багытка киришүү предметинен «Личностогу көркөм сүйлөө, эрк, сабырдуулук жана чыгармачылык сапаттардын мааниси» деген темаларда ачык сабактарды өтүп беришти.
Ар бир өтүлгөн ачык сабактар ЖОЖдун талабына жооп берүү менен оң баага татыктуу болуп, катышкан окутуучулар тарабынан жакшы пикирлер айтылды. Ошондой эле, бул сабактардын пландаштырылышы жана өтүлүшү кыргыз тили жана адабияты профилинде жана башка багытта окуп жаткан студенттердин билим деңгээлин көтөрүү жана сабактардын сапатын жогорулатуу максатын көздөйт. Сабактар Бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу онлайн форматта өткөрүлдү.
2020-2021-окуу жылынын 2-жарым жылдыкка пландаштырылган окуу-усулдук план боюнча окуу-усулдук колдонмолор март айына Алибекова Ө.Б. Морфология предметинен “Морфология дисциплинасынан практикалык сабактардын тапшырмалары” аттуу окуу-усулдук колдонмосу, апрель айында Алибекова Ө.Б. менен Кашкариева М.А. Манас таануу предметинен Манас таануу дисциплинасынан практикалык сабак үчүн окуу-усулдук колдонмосу, ал эми май айында кафедранын окутуучулары Исмаилова Б.Т., Жусуева С.К. жана Абдимиталип кызы Нуризанын “Кыргыз профессионал адабияты (1918-1959-ж)” боюнча лекциялык курс жарыкка чыгат.
Окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу тууралуу
Кыргыз филология кафедрасынын окутуучулары жыл сайын квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулган түрдүү семинар, тренингдерге катышып келишүүдө.
2020-жылдын, 1-февралында жана 7-февралында п.и.к., доцент Тилекова Н.Д., ф.и.к., доцент Исмаилова Б.Т., «Эл баасы» аккредитациялык агенттиги тарабынан уюштурулган семинарга катышышып, квалификациясын жогорулаткандыгын ырастаган сертификаттарга ээ болушту.
2020-жылдын 7-8-февралында кафедра окутуучулары Исмаилова Б.Т., Тилекова Н.Д., Алибекова Ө.Б., Усарова Г.О., Кашкариева М.А. М.Акмуллы атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган «Лингвокультурологические основы преподавания языков» аталышындагы илимий-методикалык семинарга катышышып, сертификаттарды алышты.
П.и.к., доцент Тилекова Н.Д. 2020-жылдын 24-25-январында Андижан мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Эпос «Манас» как наследие кыргызской кочевой цивилизации» деген темада уюштурулган конок лекцияга активдүү катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланды.
П.и.к., доцент Тилекова Н.Д., кафедра окутуучулары Кашкариева М.А., Токтобаева А.Д., Абдимиталип кызы Н. 2020-жылдын, февраль айында «Илимий макала жазуу технологиясы», «Диссертациялык изилдөө жүргүзүү технологиясы» программалары боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.
П.и.к., доцент Усарова Г.О., кафедра окутуучусу Алибекова Ө.Б. 2020-жылдын ноябрь айында Кокон мамлекеттик педагогикалык институту тарабынан эл аралык мамилелерди чыңдоо максатында уюштурулган конок лекцияларды окушту жана сертификаттар менен сыйланышты.
Кафедра окутуучусу Кашкариева М.А. 2020-жылдын 16-24-ноябрь күндөрү “Многомерная личность как цель образования”, 2020-жылдын, 15-декабрында “Технология организации модульного обучения” деген темаларда Чебоксары шаарында педагогика жана психология илимий-изилдөө институту тарабынан уюштурулган семинарга катышып, сертификаттарга ээ болду.
КАФЕДРАНЫН АДИСТЕШТИРИЛҮҮСҮ
Кафедрада төмөндөгү дисциплиналар окутулат:
- Адистикке киришүү
- Кыргыз тилинин практикуму
- Кыргыз адабиятынын практикуму
- Тил илимине киришүү
- Адабият таанууга киришүү
- Фонетика
- Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы
- Акындар поэзиясынын тарыхы
- 20-кылымга чейинки жазма адабият
- Кыргыз тилин бөтөн тил катары
окутуунун усулу
- Лексикология
- Сөз жасоо
- Морфология
- Кыргыз жазуусунун тарыхы
- Диалектология
- Түркология
- 20-кылымга чейинки жазма адабият
- Балдар адабияты
- Көркөм окуу
- Кыргыз тилинин окутуунун усулу
- Кыргыз адабиятын окутуунун усулу
- Өлкө таануу
- Көркөм котормонун теориясы
- Байланыштуу кеп
- Түрк элдер адабияты
- Чыгыш адабияты
- Кеп маданияты
- Морфология
- Кыргыз адабий тилинин тарыхы
- Көркөм текстке тилдик талдоо
- Салыштырма грамматика
- Социолингвистика
- Жаңы кыргыз адабияты
- Орус адабияты
- Риторика
- Адабият теориясы
- Адабий сындын тарыхы
- Батыш адабияты
- Адабияттын атайын курсу
- Кыргыз тилинин атайын курсу
- Жаңы кыргыз адабияты
- Тексттин теориясы
- Байыркы түрк жазма эстеликтери
- Стилистика
- Синтаксис
- Семантикалык синтаксис
- Жалпы тил илими
- Кыргыз тили (улуттук тайпалар)
- Манастаануу