Новости

Кесиптик колледжге караштуу «Тил сабактары» бирикмеси  тарабынан 11-декабрь күнү жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналган  «Ч.Айтматов- ааламдын акылман сүрөткери»,- аттуу адабий-музыкалык иш чара өткөрүлдү. Иш чара колледждин 1-2 курстун студенттери тарабынан даярдалган ырлар жана бийлер менен коштолуп,  Айтматовдун чыгармалары аркылуу тил үйрөнүү максатында, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр  кыргыз тилинде гана эмес, орус, англис, немец тилдеринде аткарылып көрүүчүлөргө тартууланды.

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Ч. Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери» — аттуу илимий – практикалык семинардын отчету

2018- окуу жылында Социалдык колледждин  Тил сабактары  бирикмесинде  5- апрель күнү Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына  арналган  «Ч. Айтматов – ааламдын  акылман сүрөткери»- аттуу илимий- практикалык семинар болуп өттү.

Илимий- практикалык семинар үч бөлүктөн туруп, 4 саатка созулду.

Семинардын башында чакырылган коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты

1-Бөлүк: Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө илимий баяндамалар СК нын окутуучулары жана студенттери тарабынан окулду.

2-Бөлүк: «Аалам алпы, залкар жазуучу – Ч. Айтматов»- аттуу адабий- музыкалуу көркөм бөлүгүндө колледждин студенттери тарабынан Айтматовдун чыгармаларынан  үзүндүлөр кыргыз, орус жана англис тилдеринде  көрсөтүлдү.

 

«Кылым карытаар бир күн» чыгармасынан үзүндү англис тилине которулуп, СК нын 1- курстары тарабынан аткарылды.

«Материнское поле» чыгрмасынан Толгонайдын монологу  орус тилинде 1- курстун студенти  тарабынан атккарылды.

«Тоолор кулаганда» чыгармасынан  сахналык  көрүнүш  СК уюштурулган Сезим адабий ийримдин катышуучулары   1-курстун студенттери тарабынан  үзүндү кыргыз тилинде көрсөтүлдү.

3-Бөлүк: «Ч. Айтматовдун чыгармаларын бирге окуйбуз» — аттуу китеп көргөзмөсү өттү.

Көргөзмөдө  Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган тарыхий сүрөттөр, кыргыз, орус, англис тилдерине которулган автордун китептери, портреттер, алган сыйлыктары жөнүндө  маалыматтар  кеңири  камтылды.  «Ч.Айтматов студенттердин көзү менен»  — аттуу бөлүгүндө, студенттер тарабынан Айтматовдун чыгармаларынын  каармандарын чагылдырган  плакаттар жана кол өнөрчүлүктөр көргөзүлдү.

Тил сабактары бирикмеси  тарабынан  өткөрүлгөн Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чарага К-ӨУнун  маданий иштер боюнча проректору Сыргак Токтосунович, илимий иштер боюнча проректордун орун басары             Социалдык колледждин  дирктору Бакиров И.А., СК нын Педагогикалык бөлүмүнүн башчысы  Абдуллаева Ч.Х., жана колледждин окутуучулары жана студенттери катышышты.

 

 

 

 

 

 

 

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial