Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети cпартакиада-2022
2022-жылдын 10-январь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук окутуучулар жана кызматкерлер курамдарынын арасында спорттун: волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, эстафета жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча таймаш старт алды.
Профессордук-окумуштуулар жамаатынын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга көндүрүү максатында өткөрүлүп жаткан спорттук иш чаранын ачылышына университеттин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич, проректорлор, профсоюз уюмунун төрагасы, декан, директорлор жана мугалимдер жамааты катышты.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев бул спорттук иш чаранын максаты окуу жайда эмгектенген жамааттын сергек жашоо образын чагылдыруу менен бирге, спорт аркылуу улуттар аралык ынтымактуулукту, достукту жана биримдикти чыңдоого багытталарына токтолуп, жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек жеңүүчүлөргө окуу жайдын жетекчилиги, профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.
Спорттук таймаш Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин спорттук базасында жана окуу залында 2022-жылдын 10-январынан 14-январына чейин өткөрүлөт.
Уюштуруу ишин аталган университеттин «Достук» спорт клубу, дене тарбия мугалимдери колго алган
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маалымат кызматы




