Кафедранын тарыхы
Кыргыз-Ѳзбек жогорку колледжи 1994-жылдан баштап «Административдик укуктук ишмердүүлүк» адистиги боюнча орто звенодогу юристерди даярдап, орто звенодогу юрист дипломун берген.
1996-жылы «Социология жана укук» бѳлүмү түзүлгѳн.
1997-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде Кыргыз-Ѳзбек жогорку колледжи Кыргыз-Ѳзбек университети болуп түзүлгѳн.
1997-жылдын июль айында Юридикалык-бажы факультети университеттин структуралык окуу бѳлүмү болгон.
1998-жылы «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасынын негизинде окуу процессин жогорулатуу максатында факультетте үч кафедра түзүлгѳн:
— «Мамлекеттик теория жана укук» кафедрасы
— «Бажы укугу» кафедрасы
— «Граждандык укук жана процесс» кафедрасы.
2000-окуу жылында «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасы «Граждандык укук тармагы» кафедрасы болуп аталган.
2005-жылы «Граждандык укук тармагы» кафедрасы «Жеке укук» кафедрасы деп аталган.
Кыргыз-Ѳзбек университетинин «Юридика-бажы» факультетинин базасында 2008-жылы сентябрь айында окуу процессин камсыздоо максатында «Юриспруденция жана бажы иши» кафедрасы түзүлгѳн.
ОшМСУнун окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде 2012-2013-окуу жылы «Юриспруденция жана бажы иши» кафедрасы «Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасы деп аталышы ѳзгѳртүлдү.