«Жакшылыкка бир кадам»
Кыргыз-Өзбек университетинин жаштарк комитети жана каржы-экономика факультетинин студенттери менен биргеликте 1-октябрдан 10-октябрга чейинки аралыкта «1-октябрь карылар күнүнө карата» кайрымдуулук жумалыгын жарыялап, өзгөчө жардамга муктаж болгон жалгыз бой жана карылар үйлөрүндө жашаган жарандарга көмөктөшүү максатында «Жүрөктөн чыккан жылуулук» аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында «Жакшылыкка бир кадам» көргөзмөсүн уюштурду. Студенттердин колунан даярдалган тамак-аш, балдар үйлөрүндө тарбияланган балдардын колунан жасалган буюмдар сатыкка коюлуп, көргөзмөдөн түшкөн акча каражаты кайрымдуулукка жумшалат.
Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга.
«21-сентябрь-Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата КӨУнун студенттери жана жаштар комитети ийшенбилик өткөрдү.
Аталган иш-чаранын алкагында Юго-Восток кичи шаарчасындагы Исанова көчөсүндөгү КӨУдан тарта Карл Маркс атындагы мектебине чейин жана Ак-Буура дарыясынын жээктери тазаланды.
Мындай ийшенбиликткер КӨУнун жаштар комитети тарабынан ай сайын байма бай уюштурулуп турат.
Кыргыз-Өзбек университети «Жалындуу жаштык» иш-чарасын өткөрдү.
19-сентябрь күнү КӨУнун жаштар комитети тарабынан «Жалындуу жаштык» аттуу Жаштардын маданий кечеси болуп өттү. Аталган саамалык Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы сахнада өткөрүлдү.
Жаштарга Кыргыз-Өзбек университетинин жаштар комитети тарабынан даярдалган таланттуу студенттердин коштоосундагы концерттик программа тартууланып, атайын жаштар үчүн бий кече менен уланды.
«Жалындуу жаштык» иш-чарасы «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын алкагында уюштурула баштады.
КӨУнун жаштар комитети Ыссык-Көлдө «Жаш-Булак-2019» жаштар форумуна катышты
Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан «Жаш-Булак-2019» жаштар форуму болуп өттү. Эл аралык жэаштар форумуна Орто Азиядагы баардык өлкөлөрүнүн жаштары катышты.
КӨУнун жаштар комитетинен үч студент катышып, КӨУнун базасы тууралуу доклат окуп, ийгилик менен кайтышты.
Форум 20-июндан тартып эки жума улантылды.