КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Табийгый педагогикалык факультети
Кафедра «Информатика жана окутуунун усулу»
КАФЕДРАНЫН
ПАСПОРТУ
Кафедра башчысы: ф-м.и.к, доцент Ж.К.Жээнтаева
Ош 2019-2020-окуу жылы
КАФЕДРА
«Информатика жана окутуунун усулу»
Кафедранын милдети: ИОУ кафедрасы 550200.Физика-математикалык билим берүү багытынын «Информатика» профили боюнча, 710300. Колдонмо информатика жана 510200.Колдонмо математика жана информатика багыттарынын бакалавр академиялык даражалары боюнча бүтүрүүчү кафедра. Кафедра, андан башка университеттин “Табигый билим берүү”, “Педагогика”, “Филологиялык билим берүү”, “Дене тарбия”, “Экономика”, “Юриспруденция” багыттарынын жана “Физика-математикалык билим берүү” багытынын математика менен физика профилдеринин окуу пландарындагы кафедрага тиешелүү сабактары боюнча дагы окуу жүктөмдөрүн аткарат.
Кафедранын максаты:
Кафедранын маселелери– Традициялык методдорду жана окутуунун жаңы технологияларын комплекстик пайдалануунун негизинде окуу процессин сапаттуу уюштуруу, заманбап методдор менен окутуу каражаттарын жайылтуу, окуу процессинде информациялык технологияларды колдонууга жетишүү:
Окуу планы, окутуучулардын окуу жүктөмдөрү
550200.Физика-математикалык билим берүү багытынын «Информатика» профилинин, 710300. Колдонмо информатика жана 510200.Колдонмо математика жана информатика багыттарынын окуу пландары КРнын ББжИ министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 1179/1 буйругу менен бекитилген мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн.
2019-2020-окуу жылында кафедранын жалпы окуу жүктөмдөрү 14637 саатты түздү: анын ичинен 1859 саат бюджеттик; 12778 саат контракттык негиздеги.
Кафедранын окутуучулары университеттин академиялык тайпаларына төмөндөгү дисциплиналар боюнча иш алып барышат.
Кафедранын алдына коюлган милдеттерди аткаруу жана окуу процессинин толук кандуу жүргүзүү үчүн кафедранын курамында 15 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен 3 илимдин кандидаты, доцент, 1 ага окутуучу-магистр, 1 окутуучу-магистр, 8 окутуучу жана 2 ОЖК.
Информатика жана окутуунун усулу кафедрасында 6 окутуучу эмгектенет (6 — штаттык негизде). Алардын ичинен 3 – илимдин кандидаты, доценттер, 1 – ага окутуучу, 1 окутуучу жана 2 окуу жамдачы персоналдар. Сапаттык курамы 50%. Кафедра башчысы ф.-м.и.к., доцент Жээнтаева Жумагул Кенешовна.