Информатика жана окутуунун усулу кафедрасы онлайн конференциясын өткөрүштү.
31-мартта 2020-жылы саат 12:00дө Кыргыз-Өзбек университетинин Табигый-педагогикалык факультетинин (ТПФ) Информатика жана окутуунун усулу кафедрасынын (ИОУ) окутуучулары менен ФМББ программасынын Информатика профилинин студенттери Zoom платформасында онлайн конференциясын өткөрүштү. Конференция ТПФнын деканы Ибрагим Советовичтин катышуусунда болду. Конференцияда ИОУ кафедрасынын башчысы Жумагүл Кенешовна аралыктан билим берүүнүн «Асинхродук жана синхродук билим берүү» программалары боюнча кеңири маалыматтарды баяндап берди.