Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

ЮРИДИКА-БАЖЫ ФАКУЛЬТЕТИНИН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

 

Ташкент мамлекеттик университетинин «Жарандык укук» кафедрасынын доценти конок лекция өттү

Илим-изилдөө ишмердүүлүгү жогорку билим берүүнүн негизги ишмердигинин бири. Факультеттин негизги илимий багыты укуктук мамилелердин өнүгүшү жана маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде кадрларды сапаттуу даярдоого жана укуктук илимди өнүктүрүүгө салым кошууга багытталат.

ЮБФ студенттик илимий конференцияда

Ушул себептүү профессор-окутуучулук жамаатыбыз илимдеги абалын өнүктүрүүгө, жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн эмгектенүү аракетинде.
Аймактагы, университет аралык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышуу, илимий-практикалык конференцияларда баяндамаларды жасоо, тегерек стол, илимий лекция окууну уюштуруу, өткөрүү негизги тапшырмаларынын бири.

ЮБФ ПОЖ илимий эмгектери

Факультет түзүлгөндөн тартып, юридикалык илимий изилдөө багытында 6 кандидаттык диссертациялык иш корголуп,бир топ макалалар илимий конференция, тегерек столдор уюштурулуп, сапаттуу кадрларды даярдоодо натыйжасын көрсөтүүдө. Пустовалова И.Н., Тольбаев Б.Л., Мамасаидов А.М, Исманжанов А.А., Мамазакиров Р.У., А.М.Көкөевалар тарабынан юридикалык укуктук маселелерди камтыган терең изилдөөлөр жүргүзүлүп, диссертациялык иштерди ийгиликтүү коргоого жетишишти.Бул илимий изилдөөлөр «Жеке укуктар» жана «Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедраларынын базасында корголду.

ЮБФ ПОЖ илимий эмгектери

ЮБФ конференциянын ачылышында

Факультетибизде “Токтом” маалыматтык укуктук илим изилдөө борбору жана студенттик илимий “/й-бүлө жана мыйзам”,”Кылмыш жана жаза” эки ийрим иш алып барат. “Токтом” маалыматтык укуктук илим изилдөө борборунда илимдин кандидаттары, окутуучулар мамлекетибизде болуп жаткан укуктук чөйрөдөгү илимий көйгөйлүү маселелерди талкуулоо менен аларды чечүүгө багытталган изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Студенттик ийримдерде студенттерге илимий багыт берүү менен окутуучулар тынымсыз эмгектенишип студенттердин өздүк илимий потенциалын жогорулатууга көмөктөшүү менен ар кандай илимий иш-чараларды өткөрүп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Конференциянын жыйынтыктоо учурунда

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial