Бюджеттик негизде окуган, педагогикалык багыттардын, адистикnердин бүтүрүүчүлөрүнүн эсине:
КРнын орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларына окууга кирип, бюджеттик каражаттын эсебинен педагогикалык багыттар жана адистиктер боюнча орто жана жогорку кесиптик билим алган бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июлундагы №296 токтому менен бекитилген “КРнын жогорку жана атайын орто окуу жайларында педагогикалык адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү жөнүндөгү жобосуна” ылайык жана КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-майындагы №331, 2015-жылдын №80 токтомдоруна ссылка положениии жана окуу жайга тапшыруу учурунда түзүлгөн эки (үч) тараптуу келишимге ылайык, жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүлүп, 2 (эки) — 3 (үч жыл) жалпы билим берүүчү мектептерде иштеп берүүгө тийиш.
Бөлүштүрүлүүгө милдеттүү педагогикалык багыттар жана адистиктер:
БӨЛҮШТҮРҮҮНҮН ТАРТИБИ
Университетке билим берүү министрлигинен келген буйруктун негизинде, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн келип түшкөн талапнама (заявка) боюнча бүтүрүүчүлөргө ишке орноштуруу үчүн бош орундар жөнүндө маалымат берилет. Бүтүрүүчү маалыматты алгандан кийин жашаган жерине ыңгайлаштырып, кайда иштей аларын тактап, мамлекеттик бөлүштүрүүгө чейин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн гана алынган расмий суроо-талап жазылган кагаз (отношение) университетке тапшырат.
Атайын бекитилген график боюнча мамлекеттик бөлүштүрүү өткөрүлүп (апрель айынын аяктарында), анда ар бир бүтүрүүчүнүн жашаган жери, кайда бөлүнөрү такталып, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн келип түшкөн талапнамага (заявка) ылайык, бош орундарга бөлүштүрүү аркылуу ар бир адис жумуш орду менен камсыз болот.
Ар бир адиске министрликтин тастыктоосу менен жекече жолдомо (направление) берилет.
Ар бир жаш адис берилген жолдомону алгандан кийин бөлүштүрүлгөн жерге ишке орношкондугу жөнүндө маалыматты жумуш орду менен камсыз кылынган жолдомо боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечикпестен Атайын бөлүмө же Карьера борборуна тапшыруусу керек.
Мектеп тарабынан толтурулган жолдомо тапшырылгандан кийин дипломдун ордуна Убактылуу күбөлүк берилет жана жаш адис ушул Убактылуу күбөлүк менен бөлүнгөн мектебинде 2 (эки)/3(үч) жыл иштейт.
Иш берүүчү / райондук мамлекеттик администрация / жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттери:
Жергиликтүү органдар менен биргеликте бөлүштүрүлүп келген жаш адистерге мүмкүн болушунча бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү, көзөмөлдөө иштери жүргүзүүгө;
Министрликтин багыттамасы менен бош орундарга жиберилген жаш адистерди жумуш менен камсыз кыла албаган (отказ) тиешелүү жетекчилерге административдик чара көрүүгө;
Жаш адистердин ар бири жумуш орду менен камсыз болушу көзөмөлгө алууга;
Билим берүүчү уюмда педагогдук адистикке окутулган бүтүрүүчүгө карата Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамынын 7, 8, 11-беренелери аткарылышын камсыздоого;
Мыйзамда каралгандан башка учурларда жаш адистер иштеп берүүчү мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотулушуна жол бербөөгө.
Диплом алуу үчүн керектелүүчү документтер:
Толтурулган Убактылуу күбөлүк же мектепте иштегендигин тастыктаган маалымат;
Эмгек китепчесин көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);
Кыдырма барак;
Диплом корочка үчүн төлөнүүчү квитанциянын көчүрмөсү;
Паспорт