Академиялык мобилдүүлүк

Наманган инженердик-технологиялык институту
🇰🇬🇺🇿Наманган инженердик-технологиялык институтунун окутуучулары жана студенттери окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин каржы-экономика факультетине бир жумага келип тажрыйба алмашып кетишти.
🇰🇬🇺🇿 Наманган инженердик-технологиялык институтунун окутуучулары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине конок лекцияларды өтүштү. Студенттер Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин каржы-экономика факультетинин студенттери менен чогуу окуп, материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, окуу жайдын, каржы-экономика факультетинин жамаатына, студенттерине ыраазычылыктарын билдиришти.
🇰🇬🇺🇿Ал эми Өзбекстандан келген конокторду университеттин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору, профессор Аида Балтабаева, каржы-экономика факультетинин деканы, экономика илимдеринин кандидаты Шайдилла Шакиев, эки элдин, анын ичинде эки окуу жайдын достугу арта берсин илим жолундагы кызматташтыгыбыз өркүндөп өсө берсин деген тилектерин айтып, атаган белектерин беришип, жылуу маанайда узатышты.
Эскерте кетсек, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашырууну жана камсыздоону, чет өлкөлүк студенттер менен иштөө, алардын көйгөйүн чечүү маселелерин университеттин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти көзөмөлдөп, аларды мамлекеттик жана чет элдик окуу жайларга академиялык мобилдүүлүк боюнча кыска мөөнөткө, бир айга, жарым жылдык, бир жылдык окуу мөнөөтөрүнө жиберип турушат.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial