«Адептүүлүк-юристик кесиптин күзгүсү»

Бүгүн, 12-ноябрда юридика-бажы факультетинде «Юристин кесиптик этикасы» сабагынын алкагында «Адептүүлүк-юристик кесиптин күзгүсү» аталышында семинар өткөрүлдү.
Аталган семинарда юридика-бажы факультетинин деканы Көкөева Алмагүл Мухтарбековна баяндама жасап, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, семинардын негизги максаттарына токтолду.
Андан соң факультеттин 4-курсунун студенттери Эрболот Саматов, Ойбек Каримов өздөрүнүн баяндамаларын жасашып, семинарда ар түрдүү ой-пикирлер айтылып, талкуу менен коштолду.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial