Чет элдик студенттер менен жолугушуу өттү
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти 2021-2022-окуу жылына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жаңыдан кабыл алынган чет элдик студенттер менен жолугушуу уюштурду.
Жолугушуу учурунда кыргызстандан билим алууну эңсеп келген чет өлкөлүк студенттерге университет тууралуу кенен маалымат берилип, кандайдыр бир муктаждыктар жаралган учурда кимдерге кайрылуу керек экени айтылып, каалоочуларга окуу жайдын жатаканасына жайгашуу сунушталды.
Андан сырткары, окуу жайдагы жүрүм-турум эрежелери, чек арадан өткөндөн кийин кыргызстанда канча күн жүрсө болот, виза алуу маселелери боюнча маалыматтар айтылды.
Соңунда чет элдик студенттер тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор алынды.




