КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖ: «Аталардын эрдигине таазим» аталышында ачык сабак өттү

КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖ:
✈️»Аталардын эрдигине таазим» аталышында ачык сабак өттү

🔷Бүгүн, 6-май күнү Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледжинин экономика жана укук бөлүмүнүн окутуучусу Атамбаева Үпөл Жусупакматовна жана Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Ботоноев Жолдошбек Советбекович «Аталардын эрдигине таазим» аталышында достук ачык сабагын өтүштү.
🔷Аталган ачык сабакка эки окуу жайдан окутуучулар жана студенттер катышты. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, сабактын жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер кызыктырган суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial