Адистикке даярдоодо кафедра студенттер үчүн максаттуу иш-чараларды уюштуруп турат.
1. Тарбия иштери. Адамды тарбиясынын деңгээлине карап баала деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Студент жаштарга тарбия иштерин жүргүзүү кафедрадагы негизги иштерден болуп саналып, мекенге болгон мамиледе патриоттук духту өстүрүүгө, мекенди таанып билүүгө, мекенди сүйүүгө, мекенге кызмат кылуу сыяктуу иштер жүргүзүлөт. Кафедранын тарбиялык ыштердеги негизги максаты, жогорку квалификациялуу адистиктердеги жаштарды ар тараптан өнүктүрүү. Студенттердин өз ойлорун айта билүүсүн жогорулатуу үчүн, кафедранын ичинде ар тараптуу маданий-массалык иштер уюштуруулуп турат.
2. Маданий-массалык иш чаралар. Студенттик кошуун, кураторлор жана группанын старосталары бардыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышып, ар түрдүү маданий-массалык иш чараларга катышышат. Тарбиялык иштин негизги багытынын базасы болуп адистике даярдоо, окуу тайпаларын, кураторлорду жана студенттерди коом менен өз ара байланышын өркүндөтүү. Биздин студенттер факултеттик, университеттик жана шаардык маданий-массалык иш-чараларга катышып келет. Ал үчүн, тар чөйрөдө ар тараптуу маданий иш-чаралар өткөрүлөт: «ПДД», «Болочоктогу электрик», «Болочоктогу автомобилист» жана башка студенттик конкурстар өткөрүлүп турат.
Биздин тарбиялануучу ОБД-09 тайпасынын студенти Абдиев Жаныбек шаар аралык ВУЗдар ортосундагы «Сулайман-Тоо мырзасы» кароо сынагында 1-орунду камсыздаган.