ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕРИ

Энергетика жана транспорт кафедрасына бекитилген адистердин бардыгынын окуу пландары Билим Берүү Министрлиги тарабынан бекитилген. Ал эми жумушчу окуу пландары болсо кафедранын кеңешмесинде бекитилген. Бардык адистиктер боюнча лицензия бар. Кафедранын профессордук- окутуучулук курамын өздөрүнө бекитилген сабактар боюнча жумуушчу программалары, лекциялардын топтомдору, практикалык жана лабораториялык баяндамалар, суроолор, экзамендик жана модулдун суроолорун электрондук варианттары даярдалган. Окутуучулардын жумушчу пландары сентябрдын башында кафедранын жыйынында талкууланып бекитилген. Жумушчу программалардын сапаты кафедранын жыйынында талкууланышы бекитилиши талапка жооп берет.
Кафедрага караштуу атайын кесиптик сабактар боюнча окуу китептери жана окуу-усулдук көрсөтмөлөрү менен камсыздоо 64% түзөт.
Окуу-усулдук жана маалыматтык камсыздоо
Жогорку даражадагы адистерди даярдоодо, баардык адистиктер үчүн университеттин борбордук китеп каанасы жана факультеттин усулдук жана окуу залы иштейт, баардык адистиктер 200 миңден ашык китептер менен камсыздалган. Окуу-усулдук адабияттар фонду системалык түрдө толукталып турат. Факультеттин компьютердик класстары Интернет тармагына уланган жана студенттер кеңири колдоно алышат. Сабактарды окутуу жаңы технологиялык усулдарын жана техникалык каражаттарды колдонуу менен өтүлөт. Мындан сырткары ар кафедрада электрондук китепканалар түзүлгөн.
Окутуунун жаны методдору (техналогиялары)
Кафедранын атайын кээ бир техникалык сабактарынан электрондук курстук иштерди аткаруу, лабораториялык жумуштарды аткаруу жана тааныштыруу видиороликтерди демонстрациялоо өткөрүлүп турат.
2013-2014 окуу жылынын биринчи жарым жылдыкта факультет тарабынан бардык сабактардан модулдук-рейтинг тапшыруу системасы өткөзүлдү. Кафедранын окутуучулары тарабынан рейтингдин суроолору жана экзамендик билеттерди түзүшүп, кафедранын башчысы бекитти. Кафедранын окутуучулары график боюнча студентерден 100 баллдык система боюнча рейтинг алышат.
Окуу жана ондуруштук практикалар.
Ош шаарынын автотранспортук ишканалар менен университеттердин арасында окуутуу жана илимий-методикалык иш аракетке автомобилдерди техникалык камсыздоо мекемелер менен келишимдер түзүлгөн: «Давуд».
Мындан сырткары, эл аралык денгээлде Орто Азиядагы Өзбекистан республикасындагы ЖТАК УзДЭУ мекемеси менен узак мөөнөткө келишим түзүлгөн.
Былтыркы окуу жылында Ош шаарынын «ОГМАП» мекемеси менен келишим түзүлдү.
ААК “Ошэлектро”, МПО “Жылуулук менен камсыздоо”, КР ТБ МШОКОКМ, “Физика-Кун” АНРУз, “Материаловедение” АН РУз.

Студенттер жасаган Ош-Бишкек макети
Студенттер сынак тапшуруу учурунда
Студенттер Кыймылдаткычтин (двигатель) конструкциясы менен таанышуу учурунда