ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

1999 - жылы Инженердик Технологиялык факультеттин Окумуштуулар кеёешинин чечиминин негизинде 3 сентябрь 1999 – ж. жана ректордун буйругу менен К-УУ № 72 «д» 4 сентябрьда «Машина таануу» кафедрасы түзүлгөн.
«Машина таануу» кафедранын негизги аракеттери болуп окуу процессин томонку техникалык дисциплиналар менен камсыздоо «Инженердик графика жана чийүү», «Материал таануу конструкциялык материалдарды жасоо технологиясы», «Оз ара алмашинуу, стандартизация жана техникалык өлчөө» жана «Жашоо тирикчилик коопсуздугу».
2000 – жылы «Машина таануу» кафедранын студентерин «Кыймыл коопсуздугу жана уюштуруу» кесиби боюнча студентерди чыгарууга киришкен. Кафедра жетекчиси т.и.к., профессор Мамадалиев Мамасыдык Мамадалиевич.
2000 - жылы «Машина таануу» кафедранын филиалы «Максат» АК да ачылган. Ошол жылы сентябрь айларында «Машина таануу» кафедрасында «В» жана «ВС» категориясында айдочуларды даярдоо курсу ачылды.
2000-2001 жана 2001-2002 - окуу жылдарынын жыйынтыктары боюнча «Машина таануу» кафедрасы университетин кафедраларынын ичинен илим-изилдөө иштери жана окуу-методикалык ийгиликтери үчүн 1 орунду ээлеген.
2003 – жылы «Машина таануу» кафедрасы «Автомобилдик транспортун кыймылынын коопсуздугу жана аны уюштуруу» кафедрасы болуп өзгөрүлдү.
2004-2005 окуу жылында «Автомобилдик транспорт жана кыймыл коопсуздугу» кафедрасы болуп өзгөргөн жана ушул жылы «Уюштуруу жана кыймыл коопсуздук» кесиби боюнча жол кабарлоо-инженерлеринин биринчи бүтүрүчүлөрү чыккан. Кафедраны т.и.к., доцент Кадыркулов Адылбек Козубекович жетектеген.
2005 – жылы сентябрьда «АТКК» кафедрасын т.и.к., доцент
Султанов Сайит Кожонович жетектей баштаган.
2005 - жылдын октябрь айында кафедранын ичинде «Автомобилист» деген студентик-конструктордук бюро уюштурулган, кафедранын профессордук окутуучулар жамаатынын башкаруусунда студентер жол кыймылынын уюштуруунун жакшыруусу боюнча ар түрдүү адитикке ылайыктуу макеттерди даярдашкан.
2013 – жыл сентябрь айынан баштап «Энергетика жана телекоммуникация технологиялары» жана «Автомобилдик транспорт жана кыймыл коопсуздугу» кафедралары биригип «Энергетика жана транспорт» кафедрасы болуп ишин улантууда.
Азыркы учурда кафедрада 2 профессор, 6 доцент, 4 ага окутуучулар, 3 окутуучу, 1 лаборатория башчысы, 1 ага лаборант, эмгектенүүдү.
Кафедрада 1 лекциялык зал, 5 окуу-лабораториялык аудитория, компьютердик жана автотренажердук класстары бар.