Энергетика жана Транспорт кафедрасында азыркы мезгилде 2 т.и.д., профессорлор, 6 т.и.к., доценттер, 4 ага окутуучу, 3 окуутуучу, 1 лаб. Башчысы жана 1 ага лаборант эмгектенишет.
Кафедранын профессордук-окуутучулук курамы эки багыт «Энергетика» жана «Транспорт» адистиктери боюнча илимий иштерин алып барышат, башкача айтканда, Ош шаарындагы автоунаалардын абалын изилдөө жана негизинен салттуу эмес энергия булактары боюнча энергетикалык түзүлүштөрдү иштеп чыгуу жана изилдөө.
Кафедранын кызматкерлери энергетика багыты боюнча акчалай колдоо көрсөтүлгөн мамлекеттик грант менен көп жылдар бою иш алып барышат.
2009 – 2011-жылдары кафедранын профессору Исманжанов А.И. жетекчилигинин астында «Разработка и исследование автономных энергетических систем на основе возобновляемых источников энергии» деп аталган илимий темада иш алып барылган.
Андан кийин 2012-2013-жылдары кафедранын профессору Кенжаев И.Г. жетекчилигинин астында «Разработка и исследование высокоэффективных энергетических установок на основе возобновляемых видов энергии и энергосберегающих технологий» деп аталган илимий темада иш алып барылган.
2014- жылдан баштап кафедранын профессору Исманжанов А.И. жетекчилигинин астында «Разработка и исследование энергетических установок на основе возобновляемых источников энергии, используемых в горных условиях Кыргызстана» деп аталган илимий темада иш алып барылат.
2009-жылдан 2013-жылга чейинки 5 жылдык аралыкта илимий иштердин жыйынтыгы боюнча кафедрада 5 илимий кандидаттык дессертация жакталган, 5 интелектуалдык менчик патенти алынган жана 137 илимий макала алыскы жана жакынкы чет элдик, мамлекеттик журналдарда жана жыйнактарда жарыяланган.
2010-жылы д.т.н., проф. Исманжанов А.И., к.т.н., доц. Абдырахман уулу К., ага окутуучу, илим изил. Азимжанов О. тарабынан «Күн кургатуучу курама» боюнча патенти алынган.
2012-жылы боюнча д.т.н., проф. Исманжанов А.И., к.т.н., доц. Абдырахман уулу К., к.т.н., доц. Абулова Н. тарабынан «Күн кургатуучу курама» патенти алынган.
2013-жылы д.т.н., проф. Исманжанов А.И., окутуучу, илим изил. Дадажанов А.С. тарабынан «Микро ГЭС» боюнча патенти алынган.
2013-жылы д.т.н. акад. Мамасаидов М.Т.,д.т.н., проф. Абидов А.О., к.т.н., доц. Якубов Т.Т., ага окутуучу, илим изил. Худайбердиев А.Х. тарабынан «Урчук–томпок механизмдүү бычып кесүүчү машина» патенти алынган.
2013-жылы д.т.н., проф. Исманжанов А.И., к.т.н., доц. Султанов С.К. тарабынан «Күн энергиясы менен суну тез ысытуучу чакан тузулуш» патенти алынган.
2011-жылы кафедранын ага окутуучусу Расаходжаев Б.С. Узбекстан республикасынын Ташкент шаарындагы Физико-техникалык институтунда «Грунт коллектордун негизинде суу ысытуучу курулманы иштеп чыгуу жана анын иштеткич мүнөздөмөлөрүн изилдөө» темасы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
2011-жылы кафедранын ага окутуучусу Хамдамов Б. Узбекстан республикасынын Ташкент шаарындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин «Жылытма айландыруучу светодиод негизинде текшерүү жана башкаруу системасы үчүн так өлчөөчү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу» темасы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
2012-жылы кафедранын ага окутуучусу Жоробеков Б.М. «Жылдырма бургулоочу станокту түзүү жана параметрлерин далилдөө» темасы боюнча Бишкек шаарынын Машиноведения институтунда кандидаттык диссертациясын коргогон.
2013-жылы кафедранын ага окутуучусу Саткулов Т.Т. Ош шаарында Ош мамлекеттик социалдык университетинде «Трубкалык коллекторлордун негизинде күн жардамы менен суу ысытуучу курулманы изилдөө жана иштеп чыгуу» темасы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
2013-жылы кафедранын изилдөөчүсү Мурзакулов Н. Бишкек шаарында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Жакшыртылган жылытуу техникалык мүнөздөмөлөрү менен гелиотеплицаны изилдөө жана иштеп чыгуу» темасы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.