МАДАНИЙ-МАССАЛЫК ИШТЕР

Кафедранын окутуучулары өздөрүнүн маданий-массалык ишмердүүлүктөрүн үзгүлтүксүз аткарып келишүүдөө. Жыл башында түзүлгөн тарбия-таалим иштеринин планына ылайык кураторлор Кыргыз Республикасынын Президентинин көрсөтмөлөрүнүн негизинде мамлекеттүүлүктү бекемдөө, улуттар аралык достукту чыңдоо, мекенди сүйүү темалары боюнча конференцияларга, семинарларга, тегерек столдорго, талкууларга ар дайым катышууда. «Экономика жана бухгалтердик эсеп» кафедрасынын студентери үчүн ашкана, ачык жердеги спорттук жай,адистик ийримдер боюнча «Жаш экономистер» клубу, «Гранит» телестудиясы, «Достук планетасы» газетасы окутуучулардын жана студентердин маданий- чыгармачылык эс алуусуна, чыгармачылык-изденүүсүнө тийиштүү шарттарды камсыздоодо, ошондой эле студенттер университеттер аралык өткөрүлгөн спорттук мелдештерге, маданий кароо-сынактарга “Билерман шоу” теледолбоорго, адистик сабактардан өткөрүлгөн аймактык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга татыктуу болуп жатышат.