КАФЕДРАНЫН ОКУУ-УСУЛДУК БАГЫТЫ

Профессордук–окутуучулар курамы тарабынан сабактардын окуу, жумушчу программалары ошондой эле окуу-усулдук комплекстер, лекциялар, сынак билеттери, практикалык сабактарды өтүү үчүн тапшырмалар жаңыланып жана иштелип чыгат.
Учурда курстук, текшерүү иштерин кыргыз тилинде жазуу боюнча усулдук көргөзмөлөр, диплом алдындагы практиканы өткөрүү боюнча ыкмалык сунуштар иштелип чыгууда.
Бүтүрүүчүлөрдүн маалыматына «Дипломдук иш жазуу жана жасалгалоо боюнча усулдук сунуштар» бурчу киргизилген.
Курстук иш аткаруучу студенттер үчүн талап кылынуучу стандарттын негизинде аны жазуунун жана жасалгалоонун жоболору иштелип чыккан.
Кафедра окутуучулары студенттердин билимин баалонун рейтингдик, учурдук көзөмөл тутумун-AVN маалымат программалар боюнча колдонушат.
Бекитилген график боюнча окутуучулардын сабактарга өз ара катышуулары жүргүзүлөт жана кафедра башчысы тарабынан өтүлүүчү сабактын сапатын аныктоо үчүн капысынан текшерүү жүрүп турат.
Студенттердин өз алдынча окуусу, сынактык билеттер, тестирлөө, модулдук жана текшерүү суроолору аркылуу ишке ашат.
Кафедранын ишмердүүлүгү баардык багыттар боюнча түзүлүп, бекитилген жылдык жумуш планынын негизинде ишке ашат.