ИЛИМИЙ-ИШТЕР ЖАНА ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР

Окуу жараяны менен бирге «Экономка жана бухгалтердик эсеп» кафедрасы илимий изилдөө иштерин дилгерлүү жүргүзүп келишет. Алардын макалары өлкөнүн жана чет элдик журналдарда басылууда. Университеттин базасында каржы-экономика факультети тарабынан уюштурулган республикалык илимий–практикалык конференцияларга кафедранын мүчөлөрү ар дайым катышып келүүдө. «Өткөөл экономика» илим изилдөө борборунда акыркы эки жылда эки илимий долбоор: «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасындагы инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн экономикалык негиздери жана учурдагы абалы» «Кыргызстандын экономикасынын базалык тармактарындагы ишканалардын модернизациясын инвестициялык камсыздоонуу өркүндүтүү» иштелип чыгып 1млн. сомго жакын мамлекттик бюджеттен каржыланды. Анын жыйынтыгында акыркы беш жыл ичинде беш кандидаттык диссертация жакталды. Кафедра өлкөбүздүн Улуттук Илимдер Академиясынын түштүк бөлүмүнүн аймактык экономика бөлүмү менен дагы бирдикте иш алып барат.
Кафедра өзүнүн илимий ишмердүүлүгүндө бир катар окуу жайлар менен илимий кызматташтыкты жүргүзүп келишет. ОшМУнун «Ишкананын экономикасы жана бизнес» кафедрасы, Кыргыз улуттук университетинин «Экономика» кафедрасы, Жалалабад Экономика жана ишкердүүлүк университети, Өзбекстан Фергана мамлекеттик Экономикалык Университети, Ош технологиялык университети, И.Разаков атындагы Кыргыз Техникалык университети, РМСУ жана Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы