КАФЕДРАСЫНЫН ПАСПОРТУ

«Экономика жана бухгалтердик эсеп» кафедрасы Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилигинин университет түзүмдөрүн оптималдаштыруу чечимине ылайык каржы- экономика факультетинин курамындагы «Ишканалар экономикасы жана аны башкаруу», «Бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ» кафедрасынын биригүүлөрү аркылуу окмуштулар кеңешинин 2013 жылдын 3 сентябрдагы № 1 протоколунун чечими боюнча кайрадан уюшулган.
Кафедраны кайрадан уюштуруу, анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн доцент К.С. Токторов ректордун 2013 жылдын 3сентябрдагы № 90 «НИ» буйругу менен кафедра башчысы болуп дайындалган.
Университеттин түзүмдөрүнүн жетекчилерин конкурстук тандоо аркылуу дайындоо боюнча 2013 жылдын 4 ноябрындагы окмуштуулар кеңешинин кезексиз отурумунун №4 протоколунун негизинде 5 ноябрь 2013 жылы ректордун № 126 «НИ» буйругу боюнча экономика илимдеринин кандидаты, доцент Ш.О. Шакиев кафедра башчысы кызматына бекитилди.
Учурда кафедранын 12 мүчөсү жана 1 лаборант кызматкери эмгектенүүдө.
Кафедранын учурдагы негизги максаты эл аралык билим берүү стандартарына ылайык шифри 580100 экономика багытындагы. 521604«Бухгалтердик эсеп.талдоо жана аудит»профили боюнча окуутунун күндүзгү жана аралыктан түрлөрү боюнча бакалаврларды даярдайт. Ошондой эле окуутунун күндүзгү бөлүмүндө «Бухгалтердик эсеп.талдоо жана аудит», 521607 «Экономика жана ишкананы башкаруу», 521501«Уюмдагы менеджмент» адистиктери боюнча жогорку билимдүү экономистерди даярдап чыгарат.