Курамы

КАФЕДРАНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН КООМДУК-ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИ

«Тарых жана философия» кафедрасынын окутуучулары студенттер менен активдүү түрдө тарбиялык жана маданий –массалык иштерди алып барышат. 1- сентябрда «Тарых» адистигинин бардык тайпаларына «Биздин күчүбүз - достукта, биримдикте» аттуу темада тынчтык сабагы өтүлөт. (Тарых жана филология факультетинин деканы ф. и. к., проф.: А.Т. Балтабаева, декандын окуу иштери боюна орун басары Охунова Г., «Тарых жана философия» каф. башчысы Ч.Т.Сатыбалдиева жана кафедра мүчөлөрү). Ал эми 23-сентябрда Мамлекеттик тилге арналган ар кандай иш чараларды уюштуруп, студенттердин эне тилибизге болгон мамилесин жандандыруу жагы каралат. Андан тышкары ар жыл сайын 1-октябрь куну студенттер менен кошо тайпасынын студенттери «Кайрымдуулук» акциясында катышып Ош шаарындагы карыялар үйүнө барып жардам беришет, «Тарых» адистигиндеги студенттер арасында саясий окуу болуп, студенттердин саясий өстүрүүгө салым кошушат.
Андан тышкары студенттер факультеттин денгээлинде мединица жаатында СПИД оорусун алдын алуу маселеси боюнча иш – чара өткөрүлдү жана профилактикалык маалыматтарды студенттер алышты.
Ар жуманын ишемби күндөрү ар бир тайпа студенттери өздөрүнө белгиленген участкаларда ишембелик өткөрүп тазалап, университеттин тазалыгын сактоого өз салымын кошууда.
Кураторлор ар жумада жадыбалда белгиленген күндөрдө куратордук сабакты жумушчу программанын негизинде өтүүдө жана ар бир студенттин сабакка катышуу жана жетишүүсүн көзөмөлдөйт.
ОшМСУнун «тарых» адистигинин студенттеринин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын бардык аймактарында узурлуу эмгектенип жатышат.