Тарых – бул адамзаттын өнүгүшүнүн бардык баскычтарын жана учурдагы болуп жаткан тарыхый окуяларды окуп үйрөтүүчү илим.
Тарыхчы студенттер азыркы дүйнөнүн татаал саясий, социалдык экономикалык, маданий окуяларына туура баа берип, тарыхый динамиканын туруктуу тенденцияларын талдоого жана келечектеги өнүгүүнү болжолдоону жакшы өздөштүрөт.
«Тарых жана философия» кафедрасы ТФФнын курамына кирет. Кафедра 540403 «Тарых» адистиги боюнча кадрларды даярдайт.
Окуу мөөнөтү: күндүзгү - 5 жыл, сырттан окуу бөлүмү - 6 жыл
2012-жылдан баштап 550400 шифри менен бакалавр багытында билим берүүдө
Окуу мөөнөтү: - күндүзгү -4 жыл, дистанттык окуу бөлүмү -5 жыл
1994 - жылы Кыргыз – Өзбек технологиялык колледжинин курамында «Жалпы тарых» кафедрасы түзүлгөн.
1994-2008- жылдары кафедраны т.и.к., профессор Т.С. Нуридинова жетектеген.
2009-2010 -жылдары кафедраны т.и.к.доцент Р.Г. Акбаров жетектеп, ушул жылы кафедранын курамына «Кыргызстан тарыхы жана философия» кафедрасы кошулуп, «Тарых жана философия » кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.
2010-жылдын сентябрынан баштап кафедраны т.и.к., доцент Ч.Т Сатыбалдиева жетектеп келүүдө.
Кафедра Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинде, Тарых филология факультетинде кадрларды даярдоодо алдынки орундарды ээлеп келет.
Кафедранын окутуучулары квалификациясын жогорулатуу максатында республикалык, областтык деңгээлдеги өткөрүлгөн семинарларга, бардык республикалык, регионалдык илимий-конференцияларга катышып турушат.
Жыл сайын окуу планынын негизинде студенттер музей жана архивдик, педагогикалык жана мамлекеттик практиканы Түштүк региондорунун райондорунда жана Өзбекстан Республикасынын Ташкент, Самарканд, Бухара областарында архив, музей жана мектептерде өткөрүлүп, анын жыйынтыгында материалдар жыйыналып дипломдук, курстук иштер жазылып келүүдө.
Адистик материалдык жана жазма булактардын негизинде адамзаттын эң байыркы, орто кылымдардагы жана соңку жаңы доордогу тарыхын окутуп үйрөтөт. Ошондуктан кафедрада Ош областынын археологиясы жана этнографиясы музейи түзүлгөн. «Археолог», «Туулган мекенибизди окуп үйрөнөбүз» ийримдери иштейт.
Тарых адистигинде окуган студенттерге Борбордук Азиянын тарыхый шаарларына жыл сайын музейдик-архивдик жана археологиялык практикаларды өтөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Окутуунун жараянында заманбап технологиялар жана Интернет сервис колдонууга мүмкүнчүлүк берилет.
Кафедранын карамагында окуу-усулдук канаалар, ал жерде студенттерге керектүү адабият жана окутуунун техникалык каражаттарын пайдаланып сабакка даярданууга шарттар түзүлгөн.
Кафедранын илимий темасы: Кыргызстан элдеринин тарыхы, маданияты жана философиясы.
«Аймак таануу» ийриминин 2014-2015 –окуу жылы үчүн түзүлгөн жылдык иш планы боюнча иш алып барылат. Жергиликтүү аймактык тарыхты үйрөнүү үчүн экскурсия уюштурулуп, ага окутуучулар М.Ташалиева, Г.Сариева, Р.Умарова Сулайман Тоо музейлик комплекске барып студенттерди тааныштырышты. Кафедранын мүчөлөрү тарабынан музейлик комплекстин этнография жана археология болумдорү менен тыгыз иш алып барылып, экспонаттарынын тарыхын уйронүп изилдеп илимий интерпретацияга жардам берилип турат. Андан тышкары декабрь айында Ош шаарынын тарыхын, топонимикасын, геграфиялык шарттарын изилдеп материал жыйноо тенденциясы каралды.
Ал эми «Археолог» ийриминин иштерин алып барууда доц. Ч.Т. Сатыбалдиева, жана ага окутуучу М.Ташалиева тарабынан археологиялык обьекттер менен иш алып барылды: Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин эстеликтерин тарыхый обьект катары изилдеп, ал боюнча аналитикалык иш жургузуштү. Бул комплекс 11-12 кк. Таандык болуп Караханиддердин династиясынын окулдорүнүн сооктору коюлган жана ал мавзолейлик функцияны аткарган. Баардыгы биригип 60-тай инсандын сөөктөрү көмүлүп, элдердин сыйынуучу жайына айлангандыгы 1974 – жылдагы археологиялык изилдөөлөрдүндө далилденген. Жогорку иш-аракеттердин натыйжасын актуалдуу маселелер боюнча студенттер ийримдерде докладдарды жана билдирүүлөрдү жасашты.
Андан тышкары факультеттин тарых музейинин ишин жандандырып, экпонаттардын санын көбөйтүп, сапатын жакшыртуу иштери аткарылды. Музейде эки тарыхый багытта иш алып барылып, отурукташкан элдердин жана көчмөн элдердин маданиятын чагылдырган бурч түзүлдү. Мунун натыйжасында студенттерге көргөзмөлүүлүк негизинде тарыхый дисциплиналар окутулат, жана алган билими бекемделет.