Тарбия иштери бекитилген план боюнча жүргүзүлөт. Каржы жана насыя адистиктеринин тарбия иштеринин планы университеттин тарбия иштеринин концепциясына ылайык түзүлөт. Белгилеп кетчү нерсе Каржы жана насыя адистиктеринин студенттери университеттин, шаардык жана областтык иш-чараларга катышып байгелүү орундарды алып келет.
Студенттердин күнүмдүк жүрүш-туруштарын көзөмөлдөө максатында Каржы жана насыя адистиктеринин ар бир тайпаларына кафедра тарабынан атайын кураторлор дайындалып тынымсыз байланыштарды жүргүзүшөт. Студенттердин мындан аркы өзүн-өзү башкарып өнүгүүсүнө негизги көңүл бурулат. Аталган адистик акционердик коомдор, банктар, райондук, шаардык жана областтык каржы бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта. Бүтүрүүчү кафедралар менен өндүрүш ишканалардын ортосунда келишимдер түзүлгөн. Бул мекемелерде жана ишканаларда студенттер өндүрүштүк жана диплом коргоо алдындагы амалияттарын өтөп келишет. Бул ишканалар студенттердин амалияттан өтүүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратып келишет. Студенттердин амалияттан өтүүсүнө кафедрадан жана өндүрүштөн бекитилген жетекчилер биргеликте көзөлөл жүргүзүп келишет. Университеттин ар бир бөлүмүнүн натыйжалуу иштеринин жыйынтыгы бул бүтүрүүчүлөрдүн ишке жайгашуусу болуп эсептелет.