«Каржы жана салык» кафедрасы 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Каржы жана насыя» кафедрасынын базасында түзүлгөн. Кафедра үчүн жалпы каржылык мүнөздөгү сабактар жана ошондой эле каржы-насыя ишмердүүлүгүнүн конкреттүү чөйрөсү боюнча сабактар жүктөлгөн. Булар: «Каржы теориясы», «Акча, насыя, банк», «Банк иши», «Акча жүргүртүүсү», «Каржы жана насыя», «Каржылык менеджмент», «Баалуу кагаздар базары», «Биржалар жана биржа иши» ж.б.у.с. сабактар саналат. Мындан сырткары кафедрада эл аралык экономикага байланышкан сабактар окутулат. Буларга «Эл аралык валюталык-насыялык мамилелер», «Эл аралык каржы», «Чет өлкөлөрдүн акча жүгүртүүлөрү» жана башка сабактар кирет. Кафедрадагы окутулуучу бардык сабактардын тизмеси каржы-экономика факультетинде окутулуп жаткан адистиктердин окуу планына ылайык аныкталган. Сабактардын баардыгы күндүзгү да, сырткы да окуу бөлүмдөрүндө окутулат.
Кафедранын негизги максаты болуп, өздүк интеллектуалдык, маданий жана нравалык өнүгүүсүндөгү керектөөсүн жогорку билим, жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин жана кошумча кесиптик билим берүү аркылуу канааттандыруу эсептелет.
Кафедранын негизги максаттары:
окутуучулук-профессордук курамдын окуу-усулдук ишмердүүлүгүн өркүндөтүү;
стунденттердин чыгармачыл потенциалын жана алардын
мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында окутуунун технологиясын өркүндөтүү;
профессордук-окутуучулук курамдын, илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана студенттердин бирдиктүү чыгармачыл ишмердүүлүктүн жардамында фундаменталдык, прикладдык илимин жана искусствосун өнүктүрүү жана аллынган жыйынтыктрды окуу процессинде колдонуу;
жогорку билимдүү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу;
коомдун нравалык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү;
калк арасында билимди жайылтуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;
студенттер арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү.
2013-2014-окуу жылында кафедранын иши төмөнкү багыттар боюнча алып барылат: окуу, усулдук, илимий-изилдөө, тарбия иштери.
Окуу жана усулдук иштер жогорку квалификациялуу адистер тарабынан жүзөөгө ашырылат. «Каржы жана насыя», «Салык жана салыкка тартуу» адистиктеринин окуу пландары мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, заманбап экономикалык шартка жооп бере ала тургандай өркүндөтүлүп турат. Экинчи курстан баштап, «Экономика» багытынын «Каржы жана насыя» профили боюнча окутуу жүргүзүлүүдө.
Студенттердин арасындагы тарбиялык иштер боюнча кафедранын бардык мүчөлөрү алектенишет. Кафедранын бардык окутуучулары окуу тайпаларына кураторлук кылуу менен бирге, университеттин шаардын жана республиканын бардык маданий жана коомдук иш-чараларына катышат.
Кафедрада окуу-тарбиялык процессти уюштурулушунун жана усулунун мазмунун чагылдыруучу документация жүргүзүлөт. Документациянын тизмеги жана жүргүзүү эрежеси, аны сактоо жана эсептен чыгарууну аныктоо инструкциясы Университеттин иш жүргүзүүсү жана анын Уставы боюнча аныкталган.
Азыркы күндө кафедра «Каржы жана насыя», адистигин жана «Экономика» багытындагы «Каржы жана насыя» профили боюнча адистерди даярдоо жана бүтүрүү менен алектенет.
Кыргыз-Өзбек университетинин Каржы-экономика факультетинин «Каржы жана салык» кафедрасы өзүнүн иш алып бара баштаган жылдарынан бери, илимий жана өндүрүштүк иште жогорку тажырыйбага ээ болгон, жогрку квалификациялуу жана илимий деңгээлде даярдалган кадрларды чыгарды. Анын ичинде: илимидин кандидаттары, доценттер - 4, 3 ага окутуучу жана 2 окутуучу. Негизинен кафедранын кадрдык потенциалы ЖОЖдун талаптарына туура келет жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамы даражалык талаптарына ылайык келип, 44,4 %ды түзөт. Мындан сырткары бардык окутуучулар базалык кесиптик билимге ээ.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы билимге чакыруучу жетишээрлик педагогикалык тажырыйба иштерине, илимий квалификацияга ээ. Профессордук-окутуучулук курамдын орточо жаш курагы 34 жашка жакын болгонуна карабастан, окутуучулардын илимий потенциалды жетишээрлик.
Профессордук-окутуучулук курамды сапаттуу тандоо максатында, окутуучулардын кесиптик рейтингин аныктоо үчүн, студенттерден «Окутуучу студенттин көзү менен» деген жашыруун сурамжылоо жүргүзүлөт.
Кафедранын уюшулган күндөн баштап өнүгүү динамикасын карай турган болсок, инфраструктурасынын жана кадрдык курамдын сапаттык өнүгүүсүн байкоого болот. Талдоо көрсөтүп тургандай, профессордку-окутуучулук курам билимге чакыруучу педагогикалык иш тажырыйбасына, илимий квалификацияга ээ.
Кафедранын 10 жыл аралыгындагы профессордук-окутуучулук курамында 1 доктордук жана 7 кандидаттык иш даярдалып, бир гана факультет үчүн эмес, жалпы университет үчүн да илимий кадрларды чыгаруучу устат болуп саналат.
Жалпысынан кафедранын окутуучулук курамы заманбап талаптарга жооп бере турган териялык жана практикалык билим берүүгө жөндөмдүү жогорку деңгээлдеги усулдук жана кесиптик даярдыкка ээ.