ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР

Бардык билим берүү мекемелеринин башкы милдети болуп, жалпы билим берүү стандартынын талаптарына жооп бере ала турган студенттерге зарыл болгон билим берүү жана окуу процессин уюштуруу болуп саналат.
Кафедрада 521603 «Каржы жана насыя» адистиктеринин күндүзгү жана сырттан окуу формасы үчүн (2011) жана 580100 «Экономика» багыты боюнча «Каржы жана насыя» профилин бакалар жана дистанттык окуу формасы үчүн (2013) окуу пландары иштелип чыгып, бекитилген. Ушул адистиктер боюнча кесиптик билим берүү программасын, окуу сабактарынын программасын, бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоонун критерийин жана программасын, баалоо шарттарынын жана билим берүүнүн сапатынын программасын иштеп чыгууда кафедра негизги нормативдик докумен катары «Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын» негизделген.
«Каржы жана насыя» адистиги жана профилин даярдоо үчүн факультеттин усулдук каанасында 25000 нускадан ашык китептер бар. Мындан сырткары студенттер шаарда жайгашкан шаардык жана облустук китепканалардан пайдалана алышат. Адистик сабактар боюнча бир студентке 1,8 китеп туура келет.
Окуу процесси окуу планы боюнча уюштурулат. Факультетте окуутуунун жаңы технологиялары кеңири колдонулат. Мисалы рейтинг системасы, тестирлөө, электрондук окуу куралдары ж.б.
Мындан сырткары жыл сайын кафедранын Профессордук-окутуучулук курамынын жардамы менен окуу сабактарынын усулдук базасы жаңыланып турат. Акыркы 5 жыл аралыгында 470,8 басма көлөмүндөгү 34 усулдук иштер даярдалып, чыгарылды.