«КЖМТ» МИҢБАРЫНЫН ТАРЫХЫ

Миңбар 1995-жылдын сентябрь айында табигый илимдер сабактарынын негизинде уюштурулган жана аны ф.-м. и. к., Г. М. Маматурдиев жетектеген.
1996-жылдан баштап миңбардын аталышы «Колдонмо математика жана информатика» деп өзгөртүп түзүлгөн. 1997-1998-окуу жылында «IBM-486» тибиндеги 2 компьютердик класс алынган. Анын бирин Өзбек Республикасынын жогорку жана орто окуу жайлары боюнча Министирлиги каржылаган. Бул окуу жылында негизги окуу сабактары болуп, жогорку математика, информатика, программисттин АЖОду, эконометрика эсептелишкен. Университеттеги адистиктердин көбөйүшүнө жана факультеттердин кеңейишине байланыштуу 1999-2000 – окуу жылында «Колдонмо математика жана информатика» миңбары төмөндөгүдөй үч миңбарга бөлүнгөн:
-«Экономикадагы жана укуктагы математикалык усулдар»,
-«Математика жана информатика»,
-«Маалыматтык технологиялар».
«Маалыматтык технологиялар» миңбарын ф.-м. и. к., доцент А. Ж. Сатыбаев жетектеген. Миңбар адистерди :АСОИУ, ПОВТАС, АСОИУс адистиктери боюнча чыгарган. 2002-2003-окуу жылынын башына миңбардын ПОЖты 20 адамга чейин көбөйгөн, аларда: 1 п.и.д., 1 ф.-м. и. к., 4-ага окутуучу, 9 окутуучу, 2 инженер-программист, 2 техник-оператор жана 1 лаборант болгон.
2003-2004- окуу жылынын башталышына бул миңбар 2 ге бөлүнгөн: «Колдонмо жана эсептөө математикасы» жана «Маалыматтык копьютердик системалар». «Колдонмо информатика жана эсептөө математикасы» миңбарынын башчылыгына ф.-м. и. к., доцент А.Ж.Сатыбаев дайындалган.
2008-2009- окуу жылынын башында бул миңбардын аталышы «Экономикадагы колдонмо информатикага» өзгөртүлгөн жана анын башчылыгына ф.-м. и. к., доцент А. А. Ахмедов дайындалган.
2009-2010- окуу жылынын башында миңбардын аталышы «Компьютердик жана маалыматтык технологиялар» деп өзгөртүлүп, ага ф.-м.-и.д., проф. А. Ж. Сатыбаев дайындалган, андан кийин ошол эле окуу жылынын ноябрь айынан тартып т.и.к., доцент Г. К. Өмүбекова жетектеп келди, 2014-жылдын сентябрь айынан баштап ушул күнгө чейин ф.м.и.док.,профессор Ы.Ташполотов жетектеп келе жатат..
Бүгүнкү күндө миңбар ПОВТАС жана ИЭТ адистиктерин даярдап чыгарат жана төмөндөгүдөй курамда иштеп келе жатат:
- 1 ф.-м. и.д., профессор,
- 1 т. и. к., доцент,
- 3 ага окутуучу,
- 3 окутуучу,
- 1 инженер-программист,
- 2 техник – оператор,
- 1 лаборант.
«КжМТ» миңбарынын аныктамасы жана кызматы
Жогорку маалыматтык технологиянын жана системалардын өтө тездик менен өнүгүп жаткандыгына байланыштуу мамлекеттин социалдык-экономикалык жагдайлары бул багыттагы жогорку квалификациялуу адистерди талап кылууда. Учурда бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрү компьютерлешкен, интернеттешкен саясатты алып барышууда. Натыйжада маалыматтык технология коомдун жанан мамлекеттин ажырагыс бөлүгүнө айланып калды.
Миңбардын максаты жана маселеси
1. Илимий, илимий-изилдөөчүлүк, жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу
2. Миңбардын материалдык-техникалык базасын заманбап компьютердик техникалар жана заманбап прораммалык камсыздоолор менен жабдылышын камсыз кылуу
3. Миңбардын ПОЖнын квалификацияларын жогорулатып туруу
4. Студенттерге заманбап үлүгүдөгү татыктуу билим берүү
«КжМТ» миңбарына тиешелүү сабактар:
Багытка киришүү
Окутуунун автоматташтырылган системасына киришүү
Жогорку математика
Математика
Дискреттик математика
Информатика
Жогорку деңгээлдеги программалоо тили
Маалыматты коргоо
Илимий изилдөөнүн негиздери жана патент алууга киришүү
Эсептөө системаларынын архитектурасы
Функционалдык жана логикалык программалоо
ЭЭМди жана системаларды уюштуруу
С-С++программалоо тилинде программалоо
Өндүрүштү уюштуруу жана пландоо
Берилиштерди обработкалоонун түзүлүшү жана алгоритми
ЭЭМдин тармактары жана телекоммуникациялар
Программалык камсыздоону иштеп чыгуунун технологиясы
Web-технологиялар жана программалоо
Visual Basic
Компьютердик графика
Башкаруу теорияларынын негиздери
Программалоо тилдеринин теориялары жана трансляцилоонун усулдары
Адам менен машинанын өз ара байланышы
Операциялык системалар
Прграммисттин АЖОду
Обөектке ориентирленген программалоо
Архит.NET жана Visual Studio чөйрөсүндө программалоо
Компьютердик тармактарды админстрациялоо
Графикалык редакторлор
САПР ды иштеп чыгуу жана анын технологиясы
Эксперттик системалар жана интелектуалдык технологиялар
Сүрөттөлүштү обработкалоонун программалык каражаттары жана усулдары
Миңбардын паспорту
1.Кафедранын аталышы- «КжМТ»
Кафедра башчысы: ф.м.и.д.профессор Ташполотов Ы.
Кафедра башчысынын орун басары: Адылова Э.
2. Профессордук окутуучулар курамы:
-ф.м.и.д.профессор   1
-т.и.к.доцент   1
-улук окутуучу   3
-окутуучу   3
-техник-оператор   2
-лаборант   1
3. Бүтүрүүчү адистиктер:
ПОВТАС, ИВТ

«Маалыматтык жана компьютердик технологиялар» миңбары
Азыркы убакта «Маалыматтык жана компьютердик технологиялар» миңбары Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин (КӨУ)
«Маалыматтык жана компьютердик технологиялар» кафедрасында жогорку квалификациялуу кадрлар эмгектенет.
Алардын ичинен 1 илимдин доктору,профессор, 1 илимдин кандидаты, 3 ага окутуучу, 3 окутуучу, 1 инженер-программист, 2 техник-оператор, 1 лаборант бар.
Профессордук–окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 35 % ти түзөт.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги тарабынан коюлган бардык талаптарга жооп берет.

Материалдык- техникалык базасы
Кафедрада 9 окуу аудиториялары, кабинеттер жана лабораториялык кааналар бар. Алардын ичинен 2 лекциялык каана, 1 практикалык, 3 компьютердик жана 1 «Мультимедиялык каана» бекитилген. Жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн университеттин борбордук китепканасында бардык адистиктер китептер менен камсыздалган.
Окуу кааналары проекторлор, 3 интерактивдүү доска, интернет. ж. б. жаңы технологиялар камсыз кылынган.
Кафедра 7101100 «Информатика жана эсептөө техника»сы багытындагы бакалаврларды даярдайт. Жогорку деңгээлдеги маалыматтарды компьютердик технологиялар жардамында кайра иштөөнү биле турган бакалавр төмөнкү нерселерди
- ар түрдүү маселелерди чечүү үчүн комьютердик, электрондук, телекоммуникациялык байланыштар каражатын, компьютердик комплекстүү системаларды тармакта жана байланыштарда колдонууну үйрөнөт;
-түрдүү программалоо тилинин баардык деңгээлинде алгоритмин түзө алат;
-ишканалардагы компьютерлерди системалап жана жалпы маалыматтарды
ишканага керектүү болгон программаларды компьютерлерге жайгаштырууну үйрөнөт;
-компьютердин жалпы аппараттарын иштеп чыгып жана калган курамдарын карап чыгат, оңдойт. Иш кананын жалпы эсеп кысабын автоматташтырууну үйрөнөт.
«Информатика жана эсептөө техникасы» багытындагы бакалавр төмөнкү багытта иштөөсү мүмкүн: муниципиялдык жана эл аралык мекемелерде, башкаруу чөйрөсүндө жана илимий өндүрүштүк ишканаларда.
Жыл сайын студенттердин илимий конференциясына ондон ашуун докладдар жасалып, ондон ашуун программалык иштеп чыгуулар аткарылат.