Азыркы убакта «Колдонмо механика жана Костюмду коркомдоп долбоорлоо» кафедрасы бакалавр багытында
1)570700.- Костюм жана текстиль искусствосу. (бакалавр)
Ыйгарылуучу кесиптик квалификация: Сүрөтчү- стилист.
Бүгүнкү күндө кийим тигүүдө өзгөчө талап коюлууда. Ошондуктан замандын талабына ылайык чеберлер жогорку билимдүү болушу керек, жөн гана механикалык операциялардын жыйындысы менен иштөө бул азыркы күндө жетишсиз.
Биздин кафедра көркөм стилисттерди жана конструкторлорду жогорку деңгээлде даярдоо менен алардын профессионалдык мүмкүнчүлүктөрүн түрдүү сферада эмгектенүүгө шарт түзүп берет.Бул кесипти бүтүрүүчүлөр:
ателье,модалар үйүндө;
мода журналдарында;
жеке тигүүчү ишканаларда;
кино студияларда,компанияларда
дизайнер-стилистж.б.кесиптерде иштей алышат.
Төрт жылдык окуу мөөнөтү келишимдик жана бюджеттик формасында өткөрүлөт.
«Костюм жана текстиль искусствосу» адистигинин окуу мөөнөтүндө томонку негизги сабактары менен тааныша алышат: «Костюмдун композициясы», «Костюмдун түсү», «Костюмдун графикасы», «Костюмдун тарыхы», «Тигуу буюмдарынын технологиясы», «Тигуу буюмдарынын конструкциясы», «Долбоордун графикасы» ж.б., Жаңы заманбап графикалалык компьютердик программаларды жана технологияларды өздөштүрүшөт.
Ыйгарылуучу кесиптик квалификация:Инженер
Азыркы күндө женил өнөр-жай өндүрүшү Кыргызстанда өнүгүп жатат. Мамлекеттин бюджетине женил өнөр жай өндүрүшүнүн салымы аябай чон. Ошону менен бирге ушул адистиктин ээлерине суроо талап жогорулады. Анткени Кыргызстанда иштелип чыккан женил өнөр жай буюмдары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн базарларында өтүмү жогорулады. Ошол себептүү биздин кафедра жогорку денгээлдеги технологдорду жана конструкторлорду даярдашат. Бул кесипте окугандар:
Илим-изилдөө институттарында;
Ар түрдүү уюмдарда моделдөө, долбооорлоо иштеринде;
тигүү цехтерде, завод- фабрикаларда;
массалык кийимдерди өндүрүүчү ишканаларда
ушул кесипти даярдоочу окутуучу катары иштей алышат.
Абитуриенттердин окууга тапшырууда ЖРТ менен
кошумча «Сурот» сабагынан экзамендин результаттары эске алынат.
3)570400 Дизайн (5 жыл ЖРТ талап кылынбайт, Чыгармачылык сынак, тил жана математикадан
кошумча тест тапшырышат.)
Ыйгарылуучу кесиптик квалификация: Дизайнер даярдап келет.
Графикалык дизайн – бул Малекетте эң жөнөкөй балдардын тамак аш өндүрүшүнөн баштап эң татаал өндүрүштөрдө: эң биринчи өндүрүлгөгөн буюмуна рекламалык макеттер, фирмалык эмблемалар, буклеттер, сайттар, өндөрүлгөн буюмдун кооздугу жана аларды ар дайым жаңылап туруу керек.
Алар: - полиграфияларда, жарнамалык агенстволордо, ар кандай дизайн студияларда, бардык өндүрүштөрдө дизайнер болуп иштей алат.
Бул багыт азыркы замандын талабына жооп берген багыттардын бири болуп эсептелет.
Ал эми томонку адистик боюнча даярдалат:
4) 570022 Корком колдонмо искусствосу жана элдик кол онорчулук
(5 жыл, ЖРТ талап кылынбайт)
Көркөм колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, учур талабына жараша эл арарык денгээлде өркүндөткөн адистиктердин бири.
Бул адистин ээлери: мамлекеттик, коммерциалык жана
өздук мекемелерде, кол өнөрчүлүк өндүрүшүндө (темир, жыгач, кайыш, кездеме, чопо материалдарынан көркөм колдонмо буюмдарын жаратуу) ууз өнөрчү, дизайнер кеңешчи болуп иштей алат.