«Колдонмо механика жана көркөм долборлоонун технологиясы» кафедрасы 1994 - жылы «Териден жасалуучу буюмдардын технологиясы» деген аталышта түзүлүп 1996-жылга чейин профессор А.Б.Бопоев, 1996-1999 жылдары техника илимдеринин доктору, профессор К.Б.Бейсекев жетектеген.
2010-жылдын сентябрь айындагы Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кафедра «Телекоммуникация жана дизайн технологиялары» деген аталышка ээ болуп. т.и.к., доцент А.Б.Сатыбалдыев жетектеген.
2012-жылдын сентябрь айындагы К-ӨУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кафедра “Тигүү буюмдарынын дизайны жана технологиясы” деп аталып, техника илимдеринин кандидаты Х.А.Махмудов жетектесе, 2013-жылдын сентябрь айындагы К-ӨУнун Окумуштуулар кенешинин чечими менен кафедра “Колдонмо механика жана көркөм долборлоонун технологиясы” кафедрасы болуп аталып академик М.Т.Мамасаидов жетектеп, 2014-жылдын сентябрь айынан тарта техника илимдеринин кандидаты, доцент И.Э.Исаев жетектөөдө..
Кафедранын адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү окуу жайларда окутуучулук кесип менен бирге илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ошону менен бирге адистиктин бүтүрүүчүлөрү кийим тигүү цехтерин,чакан цехтерди, салондорду иштетип жеке жана мамлекеттин өнүгүүсүнө салымдарын кошууда. Кафедранын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү ар кандай шаардык жана региондук көргөзмөлөргө катышышат, мода индустриясындагы телекөргөзмөлөргө да катышышат.