Кыргыз-Өзбек университети “Достук” фестивалына катышты
“Ош декларациясынын” негизинде бир нече жылдан бери жогорку окуу жайлар арасында “Достук” фестивалы өткөрүлүп келет. Бул жылы Талас мамлекеттик университетинде уюштурулуп, ага 9 жогорку окуу жайы: КӨУ (Кыргыз-Өзбек университети), ЫМУ (Ысык-Көл), БатМУ (Баткен мамлекеттик университети), ОшМУ, ОГПИ, ЖАМУ(Жалал-Абад), КУУ(Кыргыз Улуттук университети), НМУ(Нарын), ТалМУ(Талас мамлекеттик университети) катышып, таланттуу студенттер өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында достук жеңип, катышкан окуу жайларга ардак грамота, диплом, 10 000сомдон акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Фестивалга Кыргыз-Өзбек университети да жигердүү катышып, студенттер байгелүү орундарга, сыйлыктарга ээ болушту. Фестивалдын жүрүшүндө КӨУнун ректору, профессор Ч. К. Райымбаев жогорку окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн 9 ЖОЖ менен келишимдерге кол койду. " “Достук" фестивалы студенттерди достоштурду, ынтымагыбызды арттырды, таланттуу студенттерге дем берди”,-деп билдирди Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор С.Т. Сарыков.Кыргыз-Өзбек университети, алга! Таланттуу студенттердин ийгилиги арта берсин!
Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы
Орус кызматташтыгынын жана орус маданий, илимий борборунун директору Алексеев Василий Николаевич Кыргыз-Өзбек университетинде болду. Орус маданиятын пропагандалоо жана айрым маселелерди биргеликте чечүү, кызматташтыкты бекемдөө максатында уюшулган жолугушуу Орус филологиясы кафедрасынын "Словян дүйнөсү" орус маданий борбору менен таанышуудан соң жыйынтыкталды.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору,
Кыргыз Республикасынын УИАсынын академиги Абдыганы Эркебаев Кыргыз-Өзбек университетинде болуп, окуу жайдын эмгек жамааты менен жолукту. Университеттин фондуна китептерин белекке калтырган соң маданий-эстетикалык борбор менен таанышып, жакшы пикирлерин айтты.
Кыргыз-Өзбек университетинде
Бош орундар жарманкеси өтүүдө.
Кыргыз-Өзбек университетинде
Азербайжан акыны Имамеддин Насиминин 650 жылдыгына арналган Түрк дүйнөсүнүн акындарынын жолугушуусу болуп өттү.
Достук фестивалы
Бүгүн, 16-майда Кыргыз-Өзбек университетинде Өзбекстандын 4 жогорку окуу жайынын спортчулары жана таланттары катышкан Достук фестивалы башталды. Фергана мамлекеттик университети, Наманган мамлекеттик университети, Андижан мамлекеттик университети жана Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунан келген конокторду окуу жайдын жамааты кубануу менен тосуп алышты. Фестиваль ачык деп жарыяланган соң спорттун стол тенниси жана волейбол түрү боюнча 5 окуу жайдын арасында мелдеш өттү. Оюнда жеңишке жетишкен командаларга, окутуучуларга, студенттерге эртең 17-майда КӨУнун маданий-эстетикалык комплексинде сыйлык тапшыруу аземи болот. Достукту бекемдөө максатында уюштурулган Достук фестивалы окуу жайлардын таланттарынын концерттик программасы менен жыйынтыкталат.
Окуунун жана спорттун мыктылары сыйланды
14-май, Кыргыз-Өзбек университетинде окууда жана спортто ийгилик жараткан студенттерди сыйлоо аземи болду. Университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев өз сөзүндө Кыргыз-Өзбек университетинин атын чыгаруу менен өлкөбүздүн желегин бийик көтөрө берүүлөрүн тилек кылып, окуудагы жана спорттогу мыкты студенттер университеттин жүзү болорун, окуу жайдын каймактары, туткасы экендигин баса белгилеп өттү. Тактап айтчу нерсе, аземде орто кесиптик, башкача айтканда колледждер ортосундагы предметтик олимпиада, аймактар арасындагы программисттердин олимпиадасы, Түштүк регионалдык VIII предметтик олимпиада, Казакстанда өткөн Эл аралык олимпиадаларда жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөн “Универсиада - 2019” жана Эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багындырган спортчуларды официалдуу түрдө сыйлоо болуп, иш-чара концерттик программа менен коштолду. Жалпысынан окуудагы ийгиликтери үчүн 17 студент, спорттогу жетишкендиктери үчүн 66 студент ардак баракчалар, диплом, кубоктор, акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
14-майда Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Окуу жайды аяктаган факультеттин, колледждин, лицейлердин бүтүрүүчүлөрү келип катышышты. Иш-чара К-ӨУнун ректору, профессор Ч.К.Райымбаев, окуу иштери боюнча биринчи проректор Т.Э.Исаков, ассоциациянын төрагасы М.А.Маматов жана чакырылган бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө келген коноктор жаңы бүткөрүлүп жаткан маданий-эстетикалык комплекс менен таанышып чыгышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын кеңешинин курамы шайланып, иш план боюнча иш алып баруу, кесипке багыт берүү иштерине көмөктөшүү ж.б. маселелер козголуп, отурум жандуу өткөрүлдү. Эскерте кетсек, 2018-жылдын 12-апрель күнү биринчи жолу 400дөн ашуун бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда К-ӨУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын жолугушуусу болуп өткөн.
Жарыя!
Конкурс на участие в программе стажировок на государственной и муниципальной службе Кыргызской Республики
Борбордон келген акындар Кыргыз-Өзбек университетинде
Акын, драматург, котормочу, коомдук ишмер Э.Эрматовго арналган республикалык ll фестивалдын лауреаттары Эл аралык "Нур борбор" чыгармачыл академиясынын жана анын алдында түзүлгөн "Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөлөрү, "Жүрөктөгү бир ысым" поэтикалык жыйнагынын автору Бердибек Жамгырчиев, "Улуу тилегим" китебинин автору Умар Нусубалиев, Жакшылык Дүйшөнбек уулу жана "Жигер" чыгармачыл жаштар борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбай уулу КӨУда ыр окушту. "Жаратман" чыгармачыл тобу, "Өрнөк башаты" клубу, "Жигер" чыгармачыл жаштар борбору жана Кыргыз-Өзбек университетинин алдында түзүлгөн "Достук" чыгармачылык топтору менен болгон жолугушуу поэзия, обондуу ырлар, суроо-жооптор менен жыйынтыкталды. Кечени "Жигер" чыгармачыл жаштар борборунун түзүүчүсү, "Ата - Сүйүү" жыйнагынын автору, А. Осмонов жана Э.Эрматов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Улукбек Омокеев алып барып, өз сөзүндө окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, маданий-эстетикалык комплекстин бүтүшү менен куттуктады.
30-апрелде КӨУда "Устат-шакирт" кароо-сынагы жогорку деңгээлде болуп өттү.
Сынакта факультеттерден, лицей, колледждер 8 устат-шакирт ат салышып, табигый-педагогика факультетинин атынан чыккан окутуучу Дилафар Дарыбек уулу жана 4-курстун студенти Гулира Муратбек кызы баш байгени багындырышты.
Абитуриенттер үчүн Кыргыз-Өзбек университетинин эшиги ар дайым ачык!
27-апрель КӨУда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулду. Билим майрамына Ош облусунун бардык райондорунан келген окуучулар окуу жайдын “Достук” чыгармачыл жаштар тобунун, Маданий-эстетикалык борбордун таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту. Жалпысынан миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү университет боюнча кенен маалымат алып кайтышты.Эскерте кетүүчү нерсе, окуу жай Кыргыз Республикасынын (КР) Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы №505-Токтомуна ылайык Ош технологиялык техникумунун базасында “Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи” түзүлгөн жана ал жогорку билим берүү багытындагы жогорку окуу жай катары статуска ээ болгон. Колледждин негизги миссиясы бир тууган кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы достукту жана ынтымакты бекемдөө болуп саналган. Бул окуу жайга техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти М.Т.Мамасаидов жетекчи дайындалган. Окуу жай илимий потенциалын жогорулатуу максатында ошол жылдан тартып жети багыт боюнча илимий изилдөө иштерине киришкен. 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин ачылышына КРдин ошол кездеги Президенти А.Акаев, Өкмөт башчысы А.Жумагулов баш болгон расмий өкүлдөр келип катышкан. Кыска убакыт аралыгында Кыргыз-Өзбек университети ар тараптуу өнүгүүгө жетишип, өлкөбүздөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына кошулган. 2004 –жылы КӨУ он жылдык мааракесин зор жетишкендиктер менен тосуп алып, ири ийгиликтерди багындырган. 2005-жылдан 2010-жылга чейин КӨУнун ректору катары техника илимдеринин доктору, профессор А.Исманжанов эмгектенген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин КӨУнун ректорунун милдетин аткаруу химия илимдеринин кандидаты, доцент И.Эргешовго жүктөлгөн. Ал эми 2011-жылдан 2013-жылдын апрель айына чейин Кыргыз-Өзбек университетин техника илимдеринин доктору, профессор И.Кенжаев жетектеген. 2013-жылдын апрель айынан июнь айына чейин техника илимдеринин доктору, профессор М.Орозбеков КӨУнун ректору кызматын аркалаган. 2013-жылдын август айында экономика илимдеринин кандидаты, доцент Ч.Райымбаев университеттин ректору болуп шайланган. Ч.Райымбаев ректорлук кызматка келген күндөн баштап ири долбоорлор жүзөгө ашырыла баштады. Айрыкча, факультеттердин жана колледждердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, окуу процессин техникалык каражаттар менен камсыздоого, китеп фондун жаңы басылмалар менен толуктоого өзгөчө көңул бурулду. Бардык факультеттер жана колледждер заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, акылдуу доскалар менен камсыздалды. Спорт манежи, спорт аянттары жасалды. Башкы корпуста чоң жыйындар залын куруу иши башталды. 2018-жылы КӨУнун ректорлук кызматына экономика илимдеринин доктору, профессор Ч.Райымбаев кайрадан шайланган. Окуу жай өзүнүн чейрек тарыхында жогорку, орто жана башталгыч билим берүү тармактарында 40 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Азыркы күндө Кыргыз-Өзбек университетинде 10 миңге жакын студенттер билим алууда. Ал эми университетте билим берүү төмөнкүдөй 3 баскычта жүргүзүлөт: - башталгыч кесиптик билим берүү: кесиптик лицей; - орто кесиптик билим берүү: кесиптик колледж, медициналык колледж, Ала-Бука колледжи; - жогорку кесиптик билим берүү: каржы-экономикалык, инженердик-технологиялык, табигый-педагогикалык, тарых-филологиялык жана юридикалык-бажы факультеттери. Андан сырткары аспирантура жана докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат. Бүгүнкү күндө университетти э.и.д.,профессор, КР ИАнын мүчө-корреспонденти Ч.К. Райымбаев жетектеп келет.
Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинин студенттери үчүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Зулуев Бекмурза Бекболотович конок лекция өтүп берди. Жолугушууда мектепте окутуунун методикалары, тарыхты окутуунун методикасы, педагогикалык жол тууралуу кенен маек болуп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшкөн агай: “методика сабагына киргенде ар дайым классикалык стилде кийинип киргиле, анткени, силер өзүңөрдү мугалим сезинүү үчүн бул нерсенин орду чоң, мектептеги алгачкы кадамыңарды жакшы баштагыла”,- деген сыяктуу бир топ ойлору менен бөлүштү.Маалымат үчүн айта кетүүчү нерсе, Бекмурза Зулуев 2011 – жылдын июнь айынан бери ОГПИнин ректору. 2011-жылы мартта Кыргыз Билим Берүү Академиясында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон, педагогика илимдеринин кандидаты. 3 окуу китебинин, 20дан ашуун илимий макалалардын жана окуу-усулдук эмгектердин автору.
Табигый педагогика факультетинде
3-курстардын өндүрүштүк практикасын жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Студенттер практика учурундагы иш аракеттери жөнүндө презентациялап, отчётторун тапшырышты.
Кыргыз – Ѳзбек университетинин расмий ѳкүлдѳрү
Ош мамлекеттик университетинде болуп ѳткѳн Түрк дүйнѳсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I – эл аралык конгрессине катышып, конгрестин аягында Кыргыз-Ѳзбек университети жана Туркиянын Игдир университети ортосундагы эки тараптуу келишимге Кыргыз-Ѳзбек университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жана Игдир университетинин ректору, профессор Мехмет Хакки Алма кол коюшту. Расмий ѳкүлдѳрдүн кол кою аземинен кийин, Ош мамлекеттик университетинин профессору, медицина илимдеринин доктору Жумабаева Таасилкан Токтомаматовнанын 60 жылдык маарекеси менен куттукташты.
Бүгүн 2019-жылдын 22-апрелинде КӨУда
Педагогикалык адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү министрлик тарабынан бөлүнгөн ваканттык орундарга, жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү жөнүндө бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн жыйыны уюштурулду.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен Кыргыз-Өзбек университети эки тараптуу келишим түздү.
Эл аралык түрк маданияты уюмунун жетинчи жыйынынын алкагында илим,билим жана маданият чөйрөсүндөгү байланышты өнүктүрүү, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен Кыргыз-Өзбек университети эки тараптуу келишим түздү. Келишимге уюмдун баш катчысы Д.К.Касеинов менен КӨУнун ректору,профессор Ч.К.Райымбаев кол койду.
Эл аралык түрк маданияты (ТҮРКСОЙ) уюмунун жетинчи жыйыны болуп өттү.
Түрк маданиятынын борбору катары таанылган Ош шаарында өткөрүлгөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий иш чараларынын алкагында 21-апрелде Кыргыз-Өзбек университетинин жаңыдан бүткөрүлгөн маданий-эстетикалык комплексинде Эл аралык түрк маданияты (ТҮРКСОЙ) уюмунун жетинчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга түрк тилдүү ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдөн делегаттар келип катышты. Сый конокторду КӨУнун жалпы эмгек жамааты жана жетекчилиги жылуу маанайда тосуп алышты.
Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Кыргыз-Өзбек университети
"Илим ирээттүүлүктү талап кылат жана суроо берүү менен башталат"
И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Миргүл Эсенгулова И. Арабаев атындагы КМУдан педагогика илимдеринин доктору, профессор Айчүрөк Калдыбаева, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Миргүл Эсенгулова жана педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Елиза Нусубалиева баштаган 14 адамдан турган делегация окуу жайдагы илимге кызыккан студенттер жана илимий даражасын жогорулатууну максат кылган окутуучулар менен диссертацияны кантип жазуу керек, педагогикалык теманы кантип жактайбыз, диссертациялык темалардын бекитилиши жана жетекчи тандоо тууралуу ойлорун бөлүшүп, суроолорго жооп беришти. Жолугушуунун соңунда окуу жайдагы жаңы курулуш менен таанышышты.Эскерте кетчү нерсе жолугушуу КӨУда эмгектенген И. Арабаев атындагы КМУнун аспиранттарынын уюштуруусунда өттү.
Жаңы бүткөрүлүп жаткан Маданий-Эстетикалык комплекс
Табигый-педагогикалык факултетинин
Физика-математикалык билим берүү программасы, математика, информатика жана физика профилдери бөлүмүнүн уюштуруусунда иш берүүчүлөрдүн бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана студенттер менен жолугушуусу болуп, келген коноктор жумушка кабыл алуу, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр, билимди жогорулатуу, окуу жайдын миссиясы ж.б. бир топ маалыматтар менен таанышышты. Иш чара райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрдүн атайын жооптуу адистери,мектеп жана мекеме жетекчилеринин сунуш-пикирлери, ата-энелердин, бүтүрүүчүлөрдүн суроо-жооптору менен уланды.
Кыргыз-Өзбек университетинде
Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинен сырткы мобилдүүлүк боюнча кыска убакыттагы окууга келген студенттер ректор Чаткалбай Райымбаев менен жолугушуп, окуу жайдын жамааты тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты. Ош шаары аябай жаккандыгын, мындан ары да кызматташарын айтышты.Эскерте кетүүчү нерсе, Ферганадан келген курам бүгүн мекенине кайтат.
Кыргыз-Өзбек университетинде
Sekom билим берүү мекемесинде ЖРТга даярданып жаткан 150дөй мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргыз-Өзбек университетиндеги адистиктер жөнүндө маалымат алып, окуу жай менен таанышышты. Абитруенттер өлкөбүздүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунун аймактарынан келишкен.
9-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинде
Инженер-технологиялык факультетинин бутүрүүчүлөрү менен иш берүүчүлөрдүн жолугушуусу болду. Жолугушууда негизги билим берүү программалары тууралуу кызуу талкуу болду.
"Менин биринчи тиккен кийимим" аттуу көргөзмөсү болуп өттү
КӨУнун кесиптик колледжинин "Жеңил өнөр жай сабактары" бирикмесинин уюштуруусунда студенттердин жыл сайын өтүүчү "Менин биринчи тиккен кийимим" аттуу көргөзмөсү болуп өттү. Иш чарада МКТ9-1-17, МКТ9-2-17 тайпаларынын алгачкы эмгектери көргөзүлүп, концерттик программа менен коштолду.
Кыргыз-Өзбек университетинде
Кыргыз-Өзбек университетинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге,терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнөн милициянын полковниги Н.М.Шерикбаев жана КРдин Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Б.Б.Эсеновдор "Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат " темасында баяндамаларды жасап,студенттер менен тегерек столөткөрүштү.
Кыргыз-Өзбек университетинин
Инженердик-технологиялык факультетинин студенттери тарабынан кыз-жигит "Сармерден" болуп өттү!
1-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинде
Кыргыз тили жана адабияты профилинде Жалал-Абад мамалекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын профессору,ф.и.д Мирзахидова Миясар Имомжановна "Илим-кечээ,бүгүн,эртең"деген темада ф.и.к.,доцент Бакирова Гүлжан Көккөзовна "Үнсүз тыбыштардын комбинатордук өзгөрүүлөрү" деген темаларда конок-лекция өтүштү,Өтүлгөн лекциялар абдан кызыктуу жана таасирдүү болду,
Жогорку Кенештин депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргыз-Өзбек университетинде конокто.
Кыргыз-Өзбек универитетинин студенттери менен жолугушуп,анда депутаттын иш тажрыйбасы жөнүндө маалымат алган студенттер кызыктырган ар кандай суроолоруна жооп алышты.
"экономика жана тейлөө" кафедрасынын профессору, э.и.д. М.А.Адхамов студенттерге "Башкаруу ишмердүүлүгүндөгү инновациялык жүрүштөр",аттуу темаларда лекция өтүп берди.
Кыргыз-Өзбек университети окумуштууларды мобилдүүлүк боюнча тартуу максатында каржы-экономика факультетинин «экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» жана "каржы жана башкаруу" кафедраларынын чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин "экономика жана тейлөө" кафедрасынын профессору, э.и.д. М.А.Адхамов студенттерге "Башкаруу ишмердүүлүгүндөгү инновациялык жүрүштөр", "Улуттук инновациялык тутумдарды башкаруу" аттуу темаларда лекция өтүп берди.
Кыргыз-Өзбек университетинин алдында түзүлгөн "Достук" чыгармачыл борборунун мүчөлөрү Бишкек шаарында.
24.03.2019 күнү жалпы өлкөбүздүн жаштарынын башын бириктирген "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмесинин 1 жылдык отчеттук отурумунда биздин "Достук" чыгармачыл борборунун мүчөлөрү "Бирик кыргыз" көркөм окуусу менен форумду ачып берди. Форум Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында өтүп, жигердүү жаштарга президентибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан сааттар стимул иретинде тапшырылды. Ал эми биздин чыгармачыл топтун түптөөчүлөрүнүн бири болгон Зайырбек Жуманалиев КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Ардак баракчасы" менен сыйланды.
Юридика-бажы факультетинде
«Кыргызстандын юристтер» ассоциациясы тарабынан «Гендер, гендердик теңдик, гендердик экспертиза» аталышында конференция болуп өттү.
23-февраль — Ата мекенди коргоо күнү
Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинин айымдары (эжекелер) мырзаларды 23-февраль — Ата мекенди коргоо күнү менен куттуктап жагымдуу маанай тартуулашты.
Эл аралык эне тил күнү белгиленди
Кыргыз-Өзбек университетинин Кыргыз-Өзбек кесиптик колледжди тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата майрамдык кече уюштурулду. Иш-чарага университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышып, келген конокторду 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү менен куттуктады. Жогорку деңгээлдеги даярдык менен өткөрүлгөн бул майрамда Кыргыз-Өзбек университетинин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган ар улуттун өз эне тилин даңктаган ырлар көркөм окулуп, ар улуттун маданиятын, каада-салттарын тааныштырып, Кыргыз тилинин, Кыргыз Элинин улуулугун даңазалаган, ыр менен жыйынтыкташты.
КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев Ооган ардагерлерин куттуктады
Заман талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо профессордук-окутуучулар курамынын сапаты чоң роль ойнойт. Бүгүнкү күндө университеттин кафедраларында, циклдык бирикмелеринде 400гө жакын профессордук окутуучулар жамааты студенттерге билим берет. Ал эми илимий даражалуу окутуучулардын саны жалпы профессордук -окутуучулар жамаатынын 40% түзөт. Андан сырткары 40тан ашуун КРнын билим берүүнүн мыктылары жана илим-билимге эмгеги сиңген ишмерлер, дүйнөлүк масштабдагы аалым-окумуштуулар эмгектенет.
Кыргыз-Өзбек университетинде билим берүүдө өзгөчө орду бар профессор окутуучу агай-эжекелер эмгектенишет
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, КӨУда эмгектенген Ооган ардагерлерин 15-февраль Авганчылардын күнү менен ошондой эле Ооган согушунун 30 жылдыгы менен куттуктады. Ч.Райымбаев Ооган жергесинде аскердик кызматын өтөп келген жоокерлердин каармандыктары тууралуу кеңири сөз кылып, жаштарды мекенчилдикке,туруктуулукка тарбиялоодо Ооганчы жоокерлердин орду чоң экендигин баса белгилеп, университеттин ардак грамотасын жана акчалай белегин берди. Андан сырткары университеттин профсоюз уюму тарабынан дагы акчалак белектер тапшырылды. Университеттин жетекчилигине Ооган ардагерлери ыраазычылыктарын билдиришти.
Ооган согушу тууралуу
1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган афган согушунда 2,5 миллион афган эли каза тапкан. Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен 300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген. Мунун ичинен Ош аскер комиссариатынан (Ош, Баткен, Жалал-Абад) 4200 жоокер жана офицер барып, 18и кайткан эмес. 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бир жоокерге Советтер союзунун баатыры деген наам берилген. Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлердин бул өлкөдөн чыгарылгандыгына туура 30 жыл толду.
Кыргыз-Өзбек университетине 25 жыл
Кыргыз-Өзбек университети коомчулуктун көптөгөн өтүнүчү жана кайрылууларынын негизинде мамлекеттин колдоосуна арзып, 1994 - жылы Ош шаарында Кыргыз-Өзбек жогорку техникалык колледжи ачылган. Кыска убакыттын аралыгында тыным албай эмгектенген түйшүкчүл жамааттын күжүрмөн эмгеги жемишин берип, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Акаевдин жарлыгы менен аталган ЖОЖго Кыргыз-Өзбек университети статусу берилген. Учурда жогорку жана орто билим берүү тармагында 25 жылдык тарыхы бар Кыргыз-Өзбек университети мамлекетибиздеги эң маанилүү жүктү, тактап айтканда улуттар аралык достукту, анын ичинде түштүк аймагындагы калктын басымдуу пайызын ээлеген Кыргыз, Өзбек элдеринин арасындагы ынтымакты бекемдеп келген жападан жалгыз окуу жай болуп калды. Өз тарыхында 40000ден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Алар бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде гана эмес, коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан. Россия о.э.алыскы чет өлкөлөрдө дагы жоопту кызматтарды аркалап келе жатышат. Жалпысынан, азыркы күндө Кыргыз-Өзбек университетинде 10000ге чукул студенттер билим алууда. Ал эми университеттин стуруктурасы кесиптик лицейден,Кыргыз-Өзбек (социалдык) , медициналык, Ала-Бука колледждеринен, жогорку билим берүү багытында факультеттен жана аспирантура, докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат. Бүгүнкү күндө университетти э.и.д., профессор, КР ИАнын мүчө-корреспонденти Ч.К.Райымбаев жетектеп келет.
Кыргыз-Өзбек университетинде кышкы спартакиада жыйынтыкталды.
Кыргыз-Өзбек университетинин кызматкерлери менен профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосунда өткөрүлгөн улуттук жана олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча кышкы спартакиада жыйынтыкталып жеңүүчү командалар, мыкты оюн көргөзгөн кызматкерлер грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Жалпы командалык эсепте 1-орунду медициналык колледж2-орунду табигый-педагогикалык факультети 3-орунду ректораттан түзүлгөн команда камсыздады. Уюштуруу иштерин Кыргыз-Өзбек университетинин “Достук” спорт клубу колго алган, жетекчиси Курсант Каимов.
Кыргыз-Өзбек университетинде XVI илимий сессия жыйынтыкталды.
Кыргыз-Өзбек университетинде илим-изилдөө борборлорунун, кафедралардын жана бирикмелердин 2018-жылдагы илимий ишмердүүлүктөрүнүн жетишкендиктерин жана келечектеги милдеттерин талкуулоого арналган XVI илимий сессия жыйынтыкталды. Жетишкен ийгиликтери менен өзгөчөлөнгөн илим-изилдөө борборлору жана кафедра, бирикмелер университеттин жетекчилиги тарабынан атайын диплом менен сыйланды.
Кыргыз-Өзбек университетинде XVI илимий сессия жалпы окумуштуулар кеңешинин катышуусунда башталды.
Кыргыз-Өзбек университетинде илим-изилдөө борборлорунун, кафедралардын жана бирикмелердин 2018-жылдагы илимий ишмердүүлүктөрүнүн жетишкендиктерин жана келечектеги милдеттерин талкуулоого арналган XVI илимий сессия жалпы окумуштуулар кеңешинин катышуусунда башталды. Илимий сессия 21-январдан 23-январга чейин уланат.
«Спорт ден-соолуктун булагы,»
Кыргыз-Өзбек университетинин кызматкерлери менен профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосунда «Спорт ден-соолуктун булагы,» - деген чакырыкта улуттук жана олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча кышкы спартакиада старт алды. Спорттук иш-чаранын уюштуруунун негизги максаты КӨУнун кызматкерлери менен профессордук-окутуучулар жамаатынын ден-соолугун чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтып көңүлдүү эс алуу уюштуруу менен спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Кыргыз-Өзбек университетинин Жаңы жылдык кечеси.
Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы профессордук-окумуштуулар жамаатынын жыл жыйынтыктоочу Жаңы жылдык кечеси.
Куттуктоо!
Университетибиздин Илим боюнча проректору Исманов Медербек Марипжановичке Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунун 2018-жылдын 27-декабрындагы чечими менен техника илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы берилиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Чыгаан окумуштуу М.М.Исмановго жана анын илимий кенешчиси академик М.Т.Мамасаидовго үй-бүлөлүк бакыт, кажыбас кайрат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Алардын дүйнөлүк илим чөйрөсүндөгү чон жетишкендиктерди жана абройлору бийиктей беришине тилектешпиз.Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы профессордук-окумуштуулар жамааты.
Кыргыз-Өзбек университетинин
Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору болуп философия илимдеринин доктору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна дайындалды.
Куттуктайбыз!
Кыргыз-Өзбек университетинин табигый-педагогикалык факультетинин студенти Кудайбердиева Айзат президенттик стипендияга ээ болду! Айзаттын ийгилиги менен Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы жамааты куттуктайбыз.
Кыргыз-Өзбек университетинин ректордук балы кызыктуу өтүп, ар түрдүү көңүл ачуучу оюндар уюштурулду.
Университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев студенттерди келе жаткан Жаны жылы менен куттуктап, окууда жана маданий-массалык иштерде мыкты деп табылган студенттирди университеттин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин жаңы жылдык куттуктоосу!
Урматтуу Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы эмгек жамааты, сүйүктүү студент достор!Кадам таштап кирип келе жаткан 2019-жыл ооматтуу жыл болсун. Жыл бою кыргыз жергесинде, сүйүктүү окуу жайыбызда анын ичинде ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө кубанычка бөлөгөн жагымдуу кабар, кол сунган бийиктикти багындырган ийгиликтер коштосун! Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, достуктун жана тилектештиктин жылы болсун! Жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2019-Жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын!
Жаңы жылыңыздар менен!
Урматтуу, Кыргыз-Өзбек университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер! Жаңы кирип келе жаткан 2019-жылыңар менен куттуктайбыз! Жаңы жыл жакшылыктарды, ийгиликтерди алып келсин. Элибизде, жерибизде, мекенибизде тынчтык болсун. Ден соолугуңар чың болуп, алдыга койгон максаттарыңар орундалсын. Үй-бүлөңүздөргө береке, бакыт, ырыскы, молчулук, токчулуктарды каалайбыз.
Жаны жыл жакшылыкты алып келсин,
Жараткан ырыскысын чачып берсин.
Жүрөктө өмүр бою өчпөй жанган,
Жүзүбүзгө ыйман кошуп тагып берсин.
Жаны жыл кубанычтуу жылдан болсун,
Дастаркондор нанга толуп, ырлар болсун.
Бөбөктөрдүн күлкүсү эч токтобой,
Бөлмөлөрдө сүйүнүчтөр, бакыт болсун.
Кыргыз-Өзбек университетинин ректораты!
Тарых-филология факультети жыл жыйынтыгын чыгарды.
Окуудагы жана маданий иш-чаралардагы жетишкен ийгиликтери менен мыкты деп табылган студенттер тарых-филология факультетинин ардак грамотасы менен сыланышты.
Быйыл улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Кыргыз-Өзбек университетинде бир катар маданий иш-чаралар тынымсыз уюштурулууда.
Ага улай эле тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана 90 жылдыгына карата «Айтматов аалам ажары» аталышында адабий-музыкалык кече өткөрдү. Кечеде Айтматовго арналган ырлар окулуп, алп жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Иш-чарага коңшулаш Өзбекстандан келген студенттер дагы активдүү катышты.
Кыргыз-Өзбек университетинде 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана улуттук адабият күнүнөарналган факультеттер арасында фестиваль өткөрүлдү.
Ага Кыргыз-Өзбек университетинин факультеттеринен катышкан студенттер, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүп, обондуу ырлар менен коштолду. Фестиваль өзүнүн бир нече өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып өз максатына жеткенин окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору Сыргак Сарыков баса белгиледи.Фестиваль тарых-филология факультети тарабынан уюштурулду.
Кесиптик лицейде кезектеги ачык сабакты окутуучу Жумаев М. алдыңкы окуу-усулдук иштелмелердин жардамы менен жогорку деңгээлде өттү.
Кесиптик лицейде кыргыз тили мугалими
Мангиева А. залкар жазуучу Ч.Айтматовдун "Дениз бойлой жорткон ала дөбөт" деген чыгармасы боюнча ачык сабак өттү. Сабак интерактивдүү метод менен кызыктуу, жакшы денгээлде өтүлдү.
Кыргыз-Өзбек университетинин социалдык колледжинде «Айматов-ааламдын акылман сүрөткери»,-аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү.
Кечеде колледждин алдында түзүлгөн «Сезим» адабий ийриминин студенттери Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, обондуу ыр, бийлер менен коштолду.Кече «Тил сабактары» бирикмеси тарабынан уюштурулду.
Кыргыз-Өзбек университетинин инженердик-технологиялык факультетинде «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну уюштурулду.
Тамашоу жогорку лигасынын 11-сезонунун жарым чейрек финалында 14 команданын ичинен 4-болуп чейрек финалга өттү.
Кыргыз-Өзбек университетинин «Торнадо» тамашоу командасы Бишкек шаарында болуп өткөн Тамашоу жогорку лигасынын 11-сезонунун жарым чейрек финалында 14 команданын ичинен 4-болуп чейрек финалга өттү. Команданын мындан наркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.Чейрек финал февраль айында болот.
Кыргыз-Өзбек университетинде жогорку окуу жайлар арасында илимий-чыгармачылык сүрөт конкурсу өткөрүлдү
4-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинде кылымдын улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган түштүк регионундагы жогорку окуу жайлардын студенттери арасында илимий-чыгармачылык сүрөт конкурсу болду. Конкурста кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калган улуу жазуучунун чыгармаларын жогорку окуу жайлардын таланттуу студенттери сүрөттөр аркылуу чагылдырып беришкен. Жазуучунун чыгармаларындагы кайталангыс каармандардын жаңыча образын ачып берген уникалдуу сүрөттөр калыстар тобу тарабынан тандалып алынып атайын сыйлыктар менен сыйланышты. Ош мамлекеттик университетинин студентти Жээналы уулу Жанжигиттин «Эрте келген турналар» аталышындагы эмгеги 1-орунду, Кыргыз-Өзбек университетинин студентти Женишбек кызы Уулкыздын «Гүлсарат” аталышындагы эмгеги баш байгени алды. Аталган иш-чара инженердик-технологиялык факультетинин колдонмо механика жана көркөм долбоорлоо технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Кыргыз-Өзбек университетинин юридика-бажы факультети
Кыргыз-Өзбек университетинин юридика-бажы факультети баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте «Баңгилик каражаттарды колдонууга каршы күрөшүү-жалпыбыздын милдетибиз» аттуу тегерек стол уюштурду.
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган
Тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Чынгыз Айтматов кара сөздүн баба дыйканы» аталышында студенттер арасында акыл таймаш оюну уюштурулду.
Тамашоу таймашынын 2-сезонунун ачылыш фестивалы болуп өттү
28-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин факультеттер аралык тамашоу 2-сезонунун ачылыш фестивалы болуп өттү. Жалпысынан 8 команда катышып, 6 команда чейрек финалга жолдомо алышты. Ал эми калыстар тобунун чечими менен«Эң мыкты команда» деп тарых-филология факультетинин атынан чыккан «Күлүп кой» камандасы табылса, каржы-экономика факультетинин «Брокерлер» командасынын тамашасы «Эң мыкты тамаша» деп бааланды. Андан сырткары «Эң мыкты оюнчу» деп табигый-педагогикалык факультетинен чыккан эгиздер Хасан, Хусандар сыйланышты.
Кесиптик лицейдин мугалими Турдубаева Г. тарабынан лицейдин студенттеринин арасында "Жашоонун сергек мүнөзү" деген темада ачык сабак өткөрүлдү
Ачык сабак "Акыл ордо"таймашы түрүндө өткөрүлүп, тайпалар ортосунда мелдеш болду. Ага лицейдин 1чи, 3чү-курстун студенттери катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрү лицейдин Ардак грамоталары менен сыйланды.
17-ноябрь Студенттер күнүнө карата кесиптик лицейдин мыкты окуган, коомдук иштерге активдүү студенттери
Кыргыз-Өзбек университетинин Ардак грамоталары менен сыйланды жана грамоталаарды лицейдин директору К.М.Тиллебаев куттуктап, студенттерге тапшырды
Жатаканада «Алтын күз» аталышында кароо-сынак уюштурулду
17-ноябрь студенттер күнүнө карата Кыргыз-Өзбек университетинин жатаканасында кабаттар аралык «Алтын күз» аталышында кароо-сынагы жана жатакана периси, жатакана мырзасы болуп өттү. 1-2-3-кабаттын таланттуу студенттеринен куралган командалар саламдашуу, жеке номер, бий конкурстары боюнча таланттарын сынашты. Андан сырткары ар бир кабаттын тамак-аш көргөзмөсү дагы уюштурулган. Ошондой эле кароо-сынактын жүрүшүндө «Жатакана периси», «Жатакана мырзасы» аныкталып уюштуруучулар тарабынан белектер менен сыйланышты. Бул иш чара жатаканада жашаган студенттердин достугун, ынтымагын арттыруу максатында уюштурулган.
Факультеттер аралык спартакиада жыйынтыкталды
Кыргыз-Өзбек университетинин факультеттер аралык спартакиадасы жыйынтыкталды. Спартакиадага университеттеги жалпы 8 факультеттин курама командалары катышты. Командалар спорттун 8 түрү волейбол, кичи-футбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана ордо оюндары боюнча күч сынашты Бул спорттук мелдеш студенттердин ортосунда достук мамилени арттыруу, сергек жашоого үндөө, университеттин курама командасын мыкты оюнчулар менен толуктоо максатында уюштурулган.
III илимий-практикалык конференциясы болуп өттү
16-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинде "Билим. илим жана маданият-жаркын келечек" аталышындагы жаш илимпоздордун жана студенттердин III илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференцияда катышуучуларга атайын видео тасма көрсөтүлүп, жаш илимпоздор тарабынан баяндамалар жасалып, суроо-жооптор, талкуулар менен коштолду. Конференция 5 секцияда ишин улантып, мыкты деп тандалып алынган баяндама ээлери уюштуруучулар тарабынан дипломдор менен сыйланышты.
Кыргыз-Өзбек университетинде ички академиялык мобилдүүлүк жолго коюлган
Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Бишкектеги, Жалал-Абаддагы жогоркуу окуу жайларында окуп жатышат. Октябрь айында тарых-филология факультетинин студенттери ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Бишкек гуманитардык университетинде 3 жумага барып билимин өркүндөтүп келишти. Ал эми азыркы учурда 6 студент И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жүрүшөт. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде табигый-педагогикалык факультетинен 6 студент билим алышууда.
"Америка" борборунун өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек университетинде
Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин чакыруусу менен Оштогу Ош облустук китепканасында жайгашкан "Америка" борборунун өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.Жолугушууда "Америка" борбору аткарган иштери жөнүндө маалымат берди. Америкага кантип окуп келсе боло турганын түшүндүрүп, жолугушуунун соңунда студенттер тарабынан суроолор берилип, борбордон келген өкүлдөр жакшы катышкан студенттерге белектерди тапшырды.
"Студенттикке кабыл алуу аземи" болуп өттү
Кыргыз-Өзбек университетинде жалпы окуу жайдын курамындагы 5 факультеттин жана социалдык колледждин 1-курстарын "Студенттикке кабыл алуу аземи" өткөрүлдү. Университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору Сыргак Сарыков өз каалоо-тилектерин айтып, студенттерге ийгиликтерди каалады. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, таланттуу студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашты.
«Ош-Чыңгыз Айтматовдун тагдырында»
2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош — Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышындагы Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди. Анын алкагында борбордук аянтта боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл чарба жарманкеси көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулду. Андан сырткары ЖОЖдор тарабынан Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган окуу-усулдук колдонмолордун, тарбиялык иштердин, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан китептердин көргөзмөсү болду. Кыргыз-Өзбек университети өз алдынча боз үй тигип, студенттердин, мугалимдердин тарткан сүрөттөрү коюлуп, дизайнер адистигинде окуган студенттердин коллекциялары конокторго жагымдуу маанай тартуулады.
Кыргызстан Жаштарынын Республикалык конгресси!
12-13-ноябрь күндөрү Кыргызстан Жаштарынын Республикалык конгресси болуп өттү. Конгресске Кыргыз-Өзбек университетинин атынан студентибиз Жакыпова Өмүркан катышып келди.12-ноябрь конгресстин алкагында КРнын президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович жана ЖК депутаттары, министерлери менен жолугушуу болуп, Жолугушуу негизинен эркин форматта суроо жооп иретинде өтүп, көптөгөн суроолор берилип,алгылыктуу сунуштар айтылганын жана Конгресс жогорку деңгээлде өткөнүн Өмүркан Жакыпова баса белгиледи
"Акыл-Таймаш" интеллектуалдык оюну болуп өттү
14-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинде 10-ноябрь "Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө" жана 17-ноябрь "Эл аралык студенттер күнүнө " карата жаштар жумалыгынын алкагында, Жаштар комитети тарабынан факультеттер арасында "Акыл-Таймаш" интеллектуалдык оюну болуп өттү. Оюнга жалпысынан 8 команда катышып, 1-орунду табигый-педагогикалык факультетинен "Шедевр" командасы, 2-орунду каржы-экономика факультетинен "Форвард" командасы, 3-орунду инженердик-технологиялык факультетинин "Биринчи мугалим" командалары камсыз кылышты. Андан сырткары жаштар комитети 13-ноябрь күнү Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата студенттер арасында китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана жайылтуу максатында" "Билимдүүгө дүйнө жарык" аттуу китеп окуу конкурсун уюштурган. Конкурс Ч. Айтматовдун «Жамийла», «Ак кеме» аттуу эки китептин негизинде болуп өткөн..
КУТТУКТОО!
26-октябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Гуманитардык сабактар» бирикмесинин окутуучусу КАДЕНОВА ЖАННАТ ТОКТОМАМАТОВНАНЫ 13.00.01 жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган ««МАНАС» ЭПОСУНДА БАЛА МАНАСТЫН ИНСАН, ПАТРИОТ КАТАРЫ КАЛЫПТАНЫШЫНДА ЭЛДИК ТАРБИЯ САЛТТАРЫНЫН РОЛУ» темадагы кандидаттык диссертациясын Д13.18.573 диссертациялык кеңешинде ийгиликтүү коргоп алышы менен Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы жамааты куттуктайбыз. Илимий жетекчиси филология илимдеринин доктору, профессор Байгазиев Советбек Орозкановичге ыраазычылык билдиребиз.
Обявление в Ош шамы ноябрь, ст.преп, доцент
Батырали Сыдыковичтин Өмүр дастаны аттуу китебинин бет ачар аземи жана эскерүү кечеси болуп өттү.
Кыргыз-Өзбек университетинде мамлекеттик жана коомдук ишмерфилософия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Сыдыков Батырали Сыдыковичтин «Өмүр дастаны” аттуу китебинин бет ачар аземи жана эскерүү кечеси болуп өттү. Кыргыз-Өзбек университетинин структуралык бөлүмдөрү тарабынан атайын көргөзмө уюштурулуп, салтанаттуу азем Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин баяндамасы менен ачылды.
Хажимурадов Икрам 61 кг салмакта Россияда өткөн XV эл аралык турнирде эркин күрөш боюнча 3-орунду багындырып келди.
Кыргыз-Өзбек университетинин табигый-педагогикалык факультетинин 1-курсунун студентти Хажимурадов Икрам 61 кг салмакта Россияда өткөн XV эл аралык турнирде эркин күрөш боюнча 3-орунду багындырып келди. Андан сырткары Ош шаарында болуп өткөн VII эл аралык турнирде 1-орунду багындырган. Икрамдын жеӊиши менен университеттин жалпы жамааты куттуктайбыз.
Кыргыз-Өзбек университетинин курамындагы медициналык колледж аталган агенттиктин аккредитациялык кароосунан өттүү.
Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин 02.10.2018- жылдагы№ 4/077 “Көз карандысыз аккредацияларды өткөрүү жөнүндөгү” буйругунун негизинде Кыргыз-Өзбек университетинин курамындагы медициналык колледж аталган агенттиктин аккредитациялык кароосунан өттүү.
Кыргыз-Өзбек университети орду толгус оор жоготууга учурады
Белгилүү окумуштуу, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Өзбек университетинин эл аралык байланыштар жана инвестиция бөлүмүнүн директору Исманжанов Анваржан Исманжанович мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен үй-бүлөсүнүн жана жакын туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Ч.К.Райымбаев жана КӨУнун жалпы эмгек жамааты. Исманжанов Анваржан Исманжанович Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги, А,Энштейн атындагы эл аралык Энергетика Академиясынын академиги Анваржан Исманжанович Исманжанов 1948-жылдын 2-августунда Ош шаарында тулган. 1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн. 1970-1974-жылдар аралыгында Өзбекстан Республикасынын АН Электроника иниститутунда аспирант, 1974-жылдан 1987-жылга чейин Өзбекстандын АН НПО “Академприбордо” сектор башчысы кызматын аркалаган. 1982-84-жылдар аралыгында Гвения Республикасынын улуттук илимий борборунда гелиофизика бөлүмүндө бөлүм башчы, 1985-86-жылдар аралыгында Индияда илимий кызматкер катары эмгек жолун уланткан. 1987-жылдан 1999-жылга чейин Ош технологиялык университетинин физика кафедрасынын доценти, профессордун милдетин аткаруучу катары жаштарга билим берген. 1999-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз-Өзбек университетинде факультеттин деканы, институттун директору, университеттин ректору, эл аралык байланыштар жана инвестиция бөлүмүнүн директору, ”Альтерэнерго” илимий борборунун жетекчиси катары кызмат кылып келди. Ал 270тен ашык илимий макалалардын жана 6 монографиянын, 55 ойлоп табуу патентинин автору катары калк арасынан кадыр тапкан. Ошону менен катар эле бир канча жаш илимпоздорго устат, илимий жетекчиси болуп өлкөбүздүн илимий потенциалынын өсүшүнө барандуу салым кошту. Калифорниядагы Санта-Круз университетинде атактуу аалым катары дарс окуду. Университетте пайдаланылган бир топ эл аралык келишимдердин жана долбоорлордун демилгечиси эле.
Куттуктоо!
Кыргыз-Өзбек университетинин финансы жана салык кафедрасынын башчысы, Ош шаардык кеңешинин депутаты Азимов Жасур Махмудович Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка , 17-октябрда шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон. Жасур Азимов курулуш жана муниципалдык менчик тармагын көзөмөлдөйт. Жасур Махмудовичти жаӊы кызмат орду менен Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы эмгек жамааты куттуктайбыз.
Белгилүү түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор К.Коңкобаев Кыргыз-Өзбек университетинде
Жалпы түрк дүйнөсүнө белгилүү окумуштуу Кадыралы Коңкобаев түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек университетинин ишмердиги, техникалык базасы менен таанышып чыгып, студентер менен жолугушту. Окумуштуунун өмүр жолуна, иш тажырыйбасына кызыгып чогулган студенттерге окуу жайдын ректору профессор Чаткалбай Райымбаев сый коноктун илимий ишмердигине кенен токтолуп тааныштырды. Жандуу башталган жолугушууда түрколог, илимпоз, тилчи Кадыралы Коңкобаев студенттер тарабынан ар кыл багыттагы берилгин суроолоруна жооп берди. Айрыкча жаштарды кызыктырган мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу берилген суроого ага серепчи ынанымдуу пикирин билдирди. Жолугушуунун соңунда окумуштуу Кыргыз-Өзбек университети акыркы жылдары мезгил шары менен тең жарышып өнүгүп жатканын белгиледи. Студенттердин билим деңгээли жогору, дүйнө таанымы кенен экендигин канааттануу менен айтты. Ал эми жалпы журтка таанымал инсандар, көрүнүктүү илимпоздор менен жолугушуу өткөрүп, алардын тажырыйбасын жаштарга жайылтуу Кыргыз-Өзбек университетинде жемиштүү уланып келет.
Мугалимдер күнү белгиленди
Октябрь айынын алгачкы жекшембиси баардык кесиптин устаты – мугалимдердин кесиптик майрамы катары белгиленет. Бул даталуу күнгө карата Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуу-окутуучулар жамааты апта соңунда салтанаттуу жыйынга чогулду. Жыйынды университеттин ректору профессор Чаткалбай Райымбаев ачып, окутуучулук кесиптин оор түйшүгү, бүгүнкү күндөгү мугалимдердин күжүрмөн эмгеги тууралуу баяндап, Кыргыз-Өзбек университетинин окутуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Андан соң өз кесибинин устаты катары таанылган окутуучулар университеттин, профсоюз уюмунун жана жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган белектер, ардак грамоталар менен сыйланышты.Соңунда Кыргыз-Өзбек университеттинин чыгармачыл жаштары устаттарына ыр-күлкү сунуп, жаркын маанай тартуулашты.
Байыркы Оштогу маданий мамиле
Ош шаарынын экинчи борбор катары таанылган күнүн салтанаттуу белгилөө зыйнатына алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн атайын келген сый коноктор “Байыркы Ошто түзүлгөн маданий диалогдун” алкагында, жергебизде достуктун хан ордосуна айланган, уникалдуу окуу жай Кыргыз-Өзбек университетинин ишмердиги менен таанышууга келишти. Алыскы чет өлкөлөр: Харбатия, Сербия, Болгария жана Россия, Беларусия, Өзбекстан сыяктуу жакынкы чет өлкөлөрдөн келген сыйлуу конокторду университеттин эмгек жамааты калкыбыздын нарктуу салты менен тосуп алды. ”Эшигин көрүп,төрүнө өт,” – деп даанышман элибиз айткандай эле жергиликтүү бийликтин жана окуу жайдын жетекчилиги коштоп жүргөн чет элдик окумуштуулар, маданий жана коомдук ишмерлер университеттин күчү менен атайын даярдалган көргөзмө менен таанышуу учурунда эле Кыргыз-Өзбек университетинин ишмердигинин багытына өзгөчө баа беришти. Салтанатты Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев ачып, иш чаранын максаты боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Андан соң Кыргыз-Өзбек университетинин чебер студенттери тарабынан даярдалган улуттук кийим кечелердин көргөзмөсү ачылып, окуу жайдын уздары өз колу менен шөкөттөлүп жасалгаланган кийимдерин кезек-кезеги менен алып чыгышты. Ага улай эле сыйлуу коноктор үчүн чыгармачыл жаштардын өнөрү тартууланды.
Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленди
5-октябрда Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленди. Өлкөнүн экинчи борборундагы майрамга карата “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестиваль өттү. Борбордук аянтта сүрөт көргөзмөсү, “Ош - ооматтуу ордо калаа” жана “Билим жана чыгармачылык” жармаңкелери уюштурулду. Кечкисин стадиондо эстрада ырчыларынын концерти болду. Майрамга Кыргыз- Өзбек университетинин профессордук-окумуштуулар курамы дагы жигердүү катышып, окуу жайдын активдүүлүгүн көргөзүп кайтышты.Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат.
Карысы бардын ырысы бар
Бүгүн Кыргыз-Өзбек университетинде университеттин жетекчилиги жана профсоюз уюму тарабынан 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошуп, эмгекке жарамдуу өмүрүн университетке арнаган карыларга сыйкөргөзүү аземи болду. Сыйлоо аземинде окуу жайда эмгектенип кеткен жана учурда иштеп жаткан карыларга куттук айтылып, чай үстүндө аларга материалдык жардам көрсөтүлүп, эмгек ардагерлеринин көңүл сыртында калбай тургандыгы айтылды. Майрамдын күнөөкөрү катары чакырылган карылар окуу жайдын жетекчилигинин камкордук мамилесине ыраазычылыктарын билдиришти. Ал эми бул самаалыкты окуу жайдын жетекчилиги жана профсоюз уюму “карынын кебин капка сал”, “карысы бардын ырысы бар” деген таризде жыл сайын майрам күнү карыларга жылуу сөзүн айтып, жакшы тилектерин билдирип, кадырлап келет.
Жатаканада «Улут болсом тилим менен улутмун» аттуу кабаттар аралык конкурс өткөрүлдү
Кыргыз-Өзбек университетинин студенттер үйүндө Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына карата "Улут болсом тилим менен улутмун" аттуу кабаттар аралык конкурс өткөрүлдү. Конкурс 7 этаптан туруп, жалпысынан 1-2-3-кабаттан турган 3 команда катышты. Конкурс жогорку деңгээлде уюштурулуп жатаканада жашаган студенттерге жагымдуу маанай тартууланды. «Бул иш-чаранын негизги максаты бүгүнкү жаштарга өзүбүздүн тилибизди баалап-барктай билүүсүнө шарт түзүп, студенттердин достугун арттыруу болуп саналат»-дейт жатакананын тарбиячысы Миразиз Сариев. Ал эми конкурстун жыйынтыгында 1-орунга 4-кабаттын атынан "Бакыт" командасы, 2-орунга 3-кабаттын атынан "Эне тилим" командасы жана 3-орунга 2-кабаттын атынан "Бийиктик" командасы ээлик кылып жетекчилик тарабынан даярдалган баалуу белектер менен жана диплом менен сыйланышты. Андан сырткары активдүү катышкан студенттерге атайын громаталар тапшырылды.