Инттеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан жолугушуу болуп өттү
Кыргыз-Өзбек университетинде инттеллектуалдык менчик обьекттерин коргоо боюнча усулдук сунуш-кеңештердин долбоорун талкуулоо боюнча инттеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз-Өзбек университетинен, Ош мамлекеттик университетинен жана Ош технологиялык университеттеринин профессордук-окумуштуулар курамы келип катышты. Өнөр жай менчик обьекттерин экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы А.С.Бердалиев жана инттеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун бөлүм башчысы В.М.Имангазиева тарабынан баяндамалар жасалып жолугушуу суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.
Алган сыйлыгыныздар кут болсун!
Мамлекеттик тилди жаштарга жайылтууда, окутууда жана сактоодо коомдо кошкон зор салымы үчүн Кыргыз- Өзбек университетинин мугалимдери Шайдилла Шакиев, Карим Тиллебаев, Назира Тилекова, Бактыгүл Исмаиловалар «Республикалык «Кыргыз тили» коомунун» «Ыйык тили» төш белгиси менен сыйланышты. Алган сыйлыгыныздар кут болсун!
Кыргыз- Өзбек университетинде мамлекеттик тил күнү белгиленди.
23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата Кыргыз- Өзбек университетинде“Кыргыз тилим-көөнөрбөс өчпөс дилим” деген аталыштагы майрамдык кече уюштурулду. Кече Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталып, Айтматовду жана кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган көркөм ыр саптары менен коштолду. Ошондой эле кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, кыргыздын улуттук бийи бийленип,обондуу ырлар менен коштолду. Кыргыз- Өзбек университетинин ректору, э.и.д, профессор Чаткалбай Кенейбаевич" эгер би эне тилибизди сактап калабыз десек, ага ар тараптан кам көрүү менен, эне тилибизге чын дилибизден аздектеп мамиле жасообуз абзел" экенин айтып, Кыргыз- Өзбек университети тарабынан мамлекеттик тил боюнча бир топ иштер жүзөгө ашып жатканын билдирди. Белгилей кетсек, мамлекеттик тил майрамына карата университетте мамлекеттик тилдин жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата үч айлык жарыяланып, баардык түзүмдөрдө түрдүү иш-чаралар уюштурулууда.
«Гранит» телестудиясы жана «Достук планетасы» гезити журналисттик иликтөө ишин баштады
Бүгүн Кыргыз-Өзбек университетинде, университеттин өндүрүштүк иш сапатын жакшыртуу максатында, студенттик «Гранит» телестудиясы жана «Достук планетасы» гезити окуу департаменти менен биргеликте окуу ишмердигин жакшыртуу иретинде журналисттик иликтөө (рейд) ишин жүргүзүп баштады. Мындан нары мугалимдердин өз убактысында жумуш ордунда болуусу жана студенттердин сабакка болгон катышуусу тынымсыз текшерилип иликтөөгө алынып турмакчы.
Кыргыз-Өзбек университети Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө
15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө Ош шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү. Массалык ишембиликке Кыргыз-Өзбек университетинин жаштар иштери боюнча комитети, студенттер жамааты дагы Ош шаарынын жана университеттин тазалыгы үчүн активдүүлүгүн көргөзүп, Ак-Буура дарыясынын жээгин жана окуу жайдын айланасындагы таштандыларды тазалап чыгышты. Тазалоодон топтолгон таштандылар Ош тазалык ишканасы менен биргеликте таштанды таштоочу жайларга жеткирилди. Мындай ишембиликтер университет тарабынан дагы байма-бай уюштурулуп турат.
Кыргыз-Өзбек университетинде программистер күнү белгиленди
Кыргыз-Өзбек университетинин инженердик-технологиялар факультетинде 13-сентябрь программистер күнүнө карата конкурс болуп өттү. Конкурс 3 этаптан туруп, жалпысынан 5 команда катышты. Конкурста жеңүүчү деп табылган командалар уюштуруучулар тарабынан белектер менен сыйланышты. Факультеттин деканы Гүлзат Өмүрбекова бул иш-чара мындан нары студенттердин алган билимин текшерип туруу максатында эки жумада бир жолудан тынымсыз өткөрүлүп турарын билдирди.
Билим берүү жана илим министри Кыргыз-Өзбек университетинде
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз-Өзбек университетинде
болуп, Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин кайрадан ректор болуп шайланышы менен куттуктап, университеттин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып кетти.
Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюну
Ысык-Көл облусунда болуп өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз-Өзбек университетинин эмгек жамааты башка мекемелер сыяктуу эле активдүү катышып кайтты. Кыргыз-Өзбек университетинен "Ыкчам боз үй тигүү" конкурсу боюнча барган команда Ош облусунун атынан ат салышып, калыстардынжободогу жазылган шарттарын кынтыксыз аткаруу менен жигердүүлүгүн көргөзүп келишти. Жалпысынан "Ыкчам боз үй тигүү" конкурсуна 18 команда катышкан.
Ал эми быйылкы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында маштабдуу оюндардан башка да көптөгөн өзгөрүүлөр киргизилгенин, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын имиджи жаңыланып, жаӊы боёктор менен кооздолуп, көчмөн элдеринин баалуулуктарын чагылдыра турчу идея камтылганын, логотиптеги ар бир түс, ар бир белги көчмөн турмушуна тиешелүү болгон маанини камтып турганын байкоого болот.