Окуу департаменти (ОД) – университеттин негизги структуралык бѳлүмү болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын (КР) жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасынын билим берүү стандарттары, багыттардын (адистиктердин) окуу пландары, жумушчу программалары, окуу-усулдук документтери жана ченемдик актыларына ылайык окуу процессин уюштуруу, пландаштыруу, башкаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ маселелерин ишке ашырат.
Окуу департаменти университеттин Уставынын негизинде иш алып барат жана ѳз ишин КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин инструктивдүү каттарын жана Ректордун буйруктарын жетекчиликке алуу менен уюштурат жана аткарат.
Окуу департаменти окуу жылына жана ар айга түзүлүп бекитилген иш пландардын негизинде иш алып барат. О.э.бекитилген иш пландардан сырткары университеттеги багыттарды (адистиктерди) лицензиядан, аттестациядан (аккредитациядан) ѳткѳрүү, жаны эки баскычтуу (бакалавр, магистр) билим берүү системасына ѳтүүдѳ окутуунун кредиттик технологиясын колдонуу жана кеңири жайылтуу боюнча жумуштарды алып барат. Ар жума сайын ѳткѳрүлүүчү ректораттын кенешмесинде структуралык бѳлүмдѳрдѳгү (факультеттерде, колледждер, лицейде) окуу-усулдук иштерин жүрүгүзүүнүн жыйынтыктары, эмгек тартиби боюнча маалыматтар талкууланып турат.
Ошондой эле кафедралардын окуу жүктөмдөрүнүн пландаштырылышы текшерилип, анын аткарылуусу жыл бою көзөмөлдөнөт. Окуу жүктөмдөрүн аткаруудагы ар бир кыймыл AVN маалыматтар системасы аркылуу көзөмөлдөнүп, жарым жылдык жана жылдык окуу жүктөмдөрүнүн аткарылуусу боюнча отчеттор кафедраларда автоматтык түрдө даярдалуусуна жетиштик.
Профессордук-окутуучулук курамдын ОМКлары, кафедралардын окуу жүктөмдөрү автоматташтырылган системага толук киргизилип, деканаттардагы (дирекциялардагы) иш-кагаздарды жүгүртүү AVN маалыматтар системасы аркылуу ишке ашырылды (жумушчу окуу пландар, семестрдик пландар, модулдарды уюштуруу, сессияларды уюштуруу ж.б.). Сессияларды, модулдарды уюштуруу жана анализдөөдө аталган система аркылуу статистикалык маалыматтарды алуу деканаттарга, дирекцияларга, ОДга ыңгайлуу шарттарды жаратты.
Ректораттын кенешмесинин жүрүшүндө окуу процессин AVN маалыматтар системасына кийирүүнүн абалы, окуупландары, жумушчу окууп ландары, семестрдик окуу пландарынын жадыбалга түзүлүшү, кафедрадагы ачык сабактардын уюштурулушу, окуу, өндүрүштүк, педагогикалык жана мамлекеттик практикалардын өткөрүлүшү, дистанттык технологиялар ж.б.у.с. маселелер каралып, чечимдер кабыл алынат. Сырттан окуу (дистанттык билим берүү технологиясын колдонуу менен) боюнча окуу процесси жүргүзүлүп жаткан факультеттерде жогорку окуу жайларынын Жоболоруна, мамлекеттик стандартка туура келген окуу пландары, жумушчу окуу пландары даярдалган.
Окуу процесси окуупландарынын, семестрдик пландардын негизинде жүргүзүлүп, сырттан жана дистанттык окуу боюнча проректору тарабынан бекитилип, көчүрмөлөрү деканаттарда сакталат. Сырттан окуу (дистанттык билим берүү технологиясын колдонуу менен) бөлүмүндө окуу процессин уюштуруу боюнча факультеттердин, кафедралардын жылдык пландарына атайын маселелер киргизилип, кетирилген кемчиликтер боюнча иш-чаралар иштелип чыгып, аны жүзөгө ашыруу үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүүдө.
Сырттан окуу (дистанттык билим берүү технологиясын колдонуу менен) боюнча Министрликтин көрсөтмөсүнө ылайык окуу пландары түзүлүп бекитилди. Сырттан окуу (дистанттык билим берүү технологиясын колдонуу менен) бѳлүмүнүн студенттери үчүн окутулуучу дисциплиналар боюнча окутуучулардын окуу-методикалык комплекстери (жумушчу программа, лекциялар, тесттер, тапшырмаларж.б.) AVN маалыматтар системасына кийирилип, дистанттык байланыштагы ар бир студентке жеткиликтүү болушу камсыз кылынды.
ОД университетти мамлекеттик аттестациялоодон ѳткѳрүү иштерине активдүү катышты:
- 1997-жылдын май айында биринчи жолку мамлекеттик аттестация болуп, университет АЛ №025 номерлүү лицензияга ээ болгон;
- 2004-жылдын май айында АЛ №300 номерлүү лицензия алынган;
- 2008-жылдын октябрь айында кезектеги үчүнчү жолку мамлекеттик аттестация ѳткѳрүлгѳн;
КРнынѲкмѳтүнүнтоктомунаылайыкБилимберүүнүнэкибаскычтуу (бакалавриат, магистратура) системасына ѳткѳнгѳ байланыштуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын №09/06 (18.06.2012) чечиминеылайык2012-2013 окуужылынабакалаврларды (күндүзгү, дистанттык) даярдоо багыттары факультеттерде тандалып, лицензияларды алуу үчүн иш-аракеттер аткарылып, натыйжада 21 багыт боюнча күндүзгү бѳлүмгѳ, 11 багыт күндүзгү окутуу боюнча 21 багытка, алэми сырттан окутуу боюнча 11 багытка бакалавриат академиялык даражасына ээ болуу укугун берүүчү ЖБ №56 номерлүү лицензия алынган.
2013-жылы КРнын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясынын чечими менен (протокол №13/02, 23.10.2013ж.) орто кесиптик билим берүү боюнча 14 адистиктин лицензиясынын мѳнѳтүү кийинки 5 жылга узартылды.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү тууралуу» мыйзамына, «Жогорку окуу жайы тууралуу», «Жогорку окуу жайларын аттестациялоо тууралуу» Жоболоруназана «КРнын жогорку окуу жайларын мамлекеттик аттестациялоодон ѳткѳрүү» программасына жана КРнын ББжИМнин 2014-жылдын 8-майындагы №305/1 буйругуна ылайык 21 мүчѳдѳн турган экспертик комиссия түзүлүп, университетте 2014-жылдын 12-16 майында университеттин адистиктерин мамлекеттик аттестациялоодон ѳткѳрүү жүргүзүлүп, экспертизалоосунун натыйжасында жогорку билим берүү боюнча 23 адистикке, орто кесиптик билим берүү боюнча 15 адистик боюнча аттестациядан ѳттү деген чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» 30.04.2003 ж. №92, «Кыргыз Республикасынын лицензиялоо-уруксат берүү жөнүндөгү» 19.10.2013 жылдагы №195 закондорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 22-октябрындагы №857/1 буйругу менен 14 мүчѳдѳн турган эксперттик комиссия түзүлүп, экспертизалоонун негизинде жогорку билим берүү боюнча 23 адистикке (багытка) 3 жылдык мѳѳнѳткѳ лицензия берүү сунушталган жана Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кенешинин чечими менен (протокол №4/1, 13.11.2014ж.) лицензиялар алынды.