ОКУУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН ТАРЫХЫ

Окуу департаменти 1995/96–окуу жылында «Кыргыз–Ѳзбек жогорку технологиялык колледж» болуп турганда «Окуу–маалыматтык борбор» (ОМБ) деген ат менен кайра түзүлүп, ага жетекчи болуп Исаков Топчубай Эргешович дайындалган.
Окуу–маалыматтык борбор 2007/08–окуу жылына чейин ѳз ичине окуу-аналитикалык, окуу-уюштуруучулук, маалыматтык-статистикалык, билим берүүнүн сапатын кѳзѳмѳлдѳѳ, ж.б. секторлорду камтыган.
Ал 2007/08–окуу жылынын башында «Окуу департаменти» деп аталып, тѳмѳнкүдѳй ички түзүмдѳргѳ ээ болгон:
- окуу бѳлүмү;
- билим берүүнүн сапатын кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү;
- жаңы маалыматтардын технологиялары бѳлүмү;
- маркетинг жана карьераны ѳнүктүрүү борбору;
- окуу процессин техникалык камсыздоо бѳлүмү;
- библиотекалык–патентик борбор.
Окуу–маалыматтык борбор университеттин окуу-методикалык ишмердүүлүгүнѳ тиешелүү болгон тѳмѳнкүдѳй иштерди ийгиликтүү ишке ашырып келген:
- университеттин Уставын иштеп чыгуу;
- университеттин окуу-усулдук документтерин түзүү (адистер боюнча окуу пландарын жана программаларын, алардын квалификациялык мүнѳздѳмѳлѳрүн, ж.б.);
- университеттин укуктук–ченемдик актыларын жана жоболорун иштеп чыгуу (бул боюнча 28 бюллетень даярдалып, университеттин ишмердүүлүгүндѳ азыр да колдонулуп келе жатат);
- кафедралардын иштери (сааттарды бѳлүштүрүү, практикаларды уюштуруу, ж.б. жана алардын аткарылыштарын кѳзѳмѳлдѳѳ);
- окуу процессин уюштуруу (семестрдик пландарды, окуу жадыбалдарын, зачеттук-экзамендик сессиянын графиктерин түзүү жана кѳзѳмѳлдѳѳ);
- бүтүрүүчүлѳр менен иштѳѳ (МАК ты уюштуруу жана ѳткѳрүү, эмгекке жайгаштырууну кѳзѳмѳлдѳѳ);
- статистикалык отчетторду даярдоо жана министрликке тапшыруу;
- университетти мамлекеттик аттестациялоодон ѳткѳрүү иштерине активдүү катышуу
- ж.б.

Окуу департаментинин жетекчилери жѳнүндѳ маалыматтар тѳмѳнкү таблицада берилген:

к/№ Фамилиясы,
аты-жѳнү
Жетектеген мѳѳнѳтү Эскертүү
1 Исаков Т.Э. 1995-жыл, сентябрынан
2011-жылдын февралына чейин
2 Джумаев Р.М. 2011-жыл, февраль-сентябрь
3 Заиров А.И. 2011-жылдын октябрынан
2012-жылдын августуна чейин
Коомдук башталышта
4 Ѳмүрбекова Г.К. 2012-жылдын сентябрынан
2013-жылдын августуна чейин
5 Тентимишова А.К. 2013-жылдын сентябрынан
2014-жылдын августуна чейин
6 Зулпукаров А.З. 2014-жылдын сентябрынан баштап азыркы учурда

Окуу депатаментинин ички түзүмдѳрүндѳгү түрдүү бѳлүмдѳрдѳ эмгектенип, университеттин түптѳлүшүнѳ жана ѳнүгүшүнѳ тѳмѳнкү кызматкерлер ѳз салымдарын кошушкан:
Бакиев Э.Б.
Гадеева А.Х.
Жээнбекова Ж.А.
Заиров А.И.
Мирзомойдинова Ф.
Курбанова Б.У.
Ташматов М.
Абдумарипова Р.
Маматов М., ж.б.