Илимий-изилдөө иштери

а) Илимий долбоорлор
Кафедранын окутуучулары кафедра башчысы, доцент Ж.К.Жээнтаеванын жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы боюнча илимий-техникалык долбоорлордо 2010-2012-жылдары «Табигый дисциплиналар боюнча электрондук окуу методикалык комплекстерди колдонуунун методдорун иштеп чыгуу жана аны кредиттик окутуу технологиясы жараяндарына жайылтуу» жана 2013-2014-жылдары “Орто кесиптик жана жогоркуу окуу жайларында табигый математикалык дисциплиналарды окутууда инновациялык курстарды жаратуу” аттуу темаларда илимий долбоорлордун үстүндө иштешип, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган комиссиянын алдында отчетторун ийгиликтүү тапшырышкан.
б) Эл аралык илимий иш чаралар
Кафедра мүчөлөрү чет өлкөлүк эл аралык илимий конференцияларда, конгресстерде, семнарларда жана форумдарда илимий докладдарды жасашып, ар дайым активдүү катышып турушат: · Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев: Түрк дүйнөсүндөгү математиктер коомунун бүткүл дүйнөлүк конгресстеринин активдүү катышуучулары. 2009-жылы 30.06-4.07 күндөрү Казахстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн III Дүйнөлүк Конгрессте (http://conf.kaznu.kz/CTWM-2009), 2014-жылы 5-7 июнь күндөрү Кыргызстандын Ысык-Көлүнүн Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн V Дүйнөлүк Конгрессте (http://ca-news.org/print:1049936/), 2017-жылы 2–5 октябрь күндөрү Казахстандын Астана шаарында өткөрүлгөн VI Дүйнөлүк Конгрессте (http://www.twms-astana-2017.kz/) илимий докладдары менен катышышкан. · А.Х.Жораев: Узбекстандын Ташкент шаарында Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети, Узбекстандын улуттук университети жана математика институту уюштурган эл аралык конференцияга, 2013-жылы май айында катышып келген. · Ж.К.Жээнтаева: Россиянын Москва шаарындагы Россия эл достугу университетинде (РУДН) өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияга, 2014-жылдын декабрь айында катышып келген. · Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев: Россиянын Улан-Уде (Байкал) шаарындагы Чыгыш Сибир мамлекеттик технологиялык жана башкаруу университетинде (ВСГТУда) өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияга, 2015-жылдын июнь айында катышып келишкен; · Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев: Казахстандын Алматы шаарындагы Абай атындагы Казахстан улуттук педагогикалык университетинде эл аралык илимий –методикалык конференцияга, 2015-жылдын октябрь айында катышып келишкен. · Ж.К.Жээнтаева: Россиянын Москва шаарындагы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде (МГУ) өткөрүлгөн эл аралык илимий семинарга, 2015-жылдын ноябрь айында катышып келген; · Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев Ысык-Көл шаарында өткөрүлгөн эл аралык математиктердин форумуна, 2015-жылдын июнь айында катышып келишкен. · Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев Москва шаарындагы Россиядагы элдердин достугу университетинде (РУДН) өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияга 2018-жылдын ноябрда айында катышып келишти.
в) Илимий монографиялар
2017-жылы Германия Демократиялык Республикасынын Немецтик улуттук библиотекасынын илимий журналдарды чыгаруучу басмаканасынан (LAP LAMBERT Academic Publishing) кафедра мүчөлөрү   Ж.К.Жээнтаеванын “Исследование асимптотики решений уравнений с малым запаздыванием” (https://www.amazon.com/тема Ж.К.Жээнтаевой/) жана А.Х.Жораевдин “Исследование топологических пространств кинематическим методом”  (https://www.amazon.com/тема А.Х.Жораева/) аталышындагы илимий монографиялары жарыкка чыкты.