«Гранит» телестудиясы жана «Достук планетасы» гезити журналисттик иликтөө ишин баштады
15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө Бүгүн Кыргыз-Өзбек университетинде, университеттин өндүрүштүк иш сапатын жакшыртуу максатында, студенттик «Гранит» телестудиясы жана «Достук планетасы» гезити окуу департаменти менен биргеликте окуу ишмердигин жакшыртуу иретинде журналистик иликтөө (рейд) ишин жүргүзүп баштады. Мындан нары мугалимдердин өз убактысында жумуш ордунда болуусу жана студенттердин сабакка болгон катышуусу тынымсыз текшерилип иликтөөгө алынып турмакчы.
Кыргыз-Өзбек университети Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө
15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө Ош шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү. Массалык ишембиликке Кыргыз-Өзбек университетинин жаштар иштери боюнча комитети, студенттер жамааты дагы Ош шаарынын жана университеттин тазалыгы үчүн активдүүлүгүн көргөзүп, Ак-Буура дарыясынын жээгин жана окуу жайдын айланасындагы таштандыларды тазалап чыгышты. Тазалоодон топтолгон таштандылар Ош тазалык ишканасы менен биргеликте таштанды таштоочу жайларга жеткирилди. Мындай ишембиликтер университет тарабынан дагы байма-бай уюштурулуп турат.
Кыргыз-Өзбек университетинде программистер күнү белгиленди
Кыргыз-Өзбек университетинин инженердик-технологиялар факультетинде 13-сентябрь программистер күнүнө
карата конкурс болуп өттү. Конкурс 3 этаптан туруп, жалпысынан 5 команда катышты. Конкурста жеңүүчү деп
табылган командалар уюштуруучулар тарабынан белектер менен сыйланышты. Факультеттин деканы
Гүлзат Өмүрбекова бул иш-чара мындан нары студенттердин алган билимин текшерип туруу максатында
эки жумада бир жолудан тынымсызөткөрүлүп турарын билдирди.
Билим берүү жана илим министри Кыргыз-Өзбек университетинде
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз-Өзбек университетинде болуп,
Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин кайрадан ректор болуп шайланышы менен куттуктап, университеттин
жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып кетти.
Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюну
Ысык-Көл облусунда болуп өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз-Өзбек университетинин эмгек жамааты башка мекемелер сыяктуу эле активдүү катышып кайтты. Кыргыз-Өзбек университетинен "Ыкчам боз үй тигүү" конкурсу боюнча барган команда Ош облусунун атынан ат салышып, калыстардын жободогу жазылган шарттарын кынтыксыз аткаруу менен жигердүүлүгүн көргөзүп келишти. Жалпысынан "Ыкчам боз үй тигүү" конкурсуна 18 команда катышкан.
Ал эми быйылкы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында маштабдуу оюндардан башка да көптөгөн өзгөрүүлөр киргизилгенин, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын имиджи жаңыланып, жаӊы боёктор менен кооздолуп, көчмөн элдеринин баалуулуктарын чагылдыра турчу идея камтылганын, логотиптеги ар бир түс, ар бир белги көчмөн турмушуна тиешелүү болгон маанини камтып турганын байкоого болот.