Инновациялык технологиялар илим-изилдоо институту

ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ

«Табигый таш» илим-изилдөө борбору

«Табигый таш» илим-изилдөө борборунда бүгүнкү күнгө чейин 10 ашуун ташты массивден казып алуучу жана аны иштетүүчү техникалык каражаттардын жаңы конструкциялары иштелип чыгылды, жаратылды жана сыноолордон ийгиликтүү өтүп өндүрүштө колдонууга сунушталды. Бул иштердин негизинде КР ондогон патенттери алынган, 7 кандидаттык жана 1 докторлук диссертациялар корголгон.

«Табигый таш» илим-изилдөө борборунда жаратылган машиналар жана алардын жардамында алынган буюмдар
  • СБС-1 бургулоочу станок (1996-ж.)

    Авторлор: М.Т. Мамасаидов, И.А. Бакиров
  • ККМ-1 таш тилүүчү карьердик машина (1999-ж.)

    Авторлор: М.Т. Мамасаидов, Р.А.Мендекеев, М.М.Исманов
  • Жылып жүрүүчү технологиялык модуль (2002-ж.)

    Авторлор: М.Т. Мамасаидов,Р.А.Мендекеев, Н.А.Калдыбаев
  • ПБС-1 бургулоочу станок(2003-ж.)

    Авторлор: М.Т. Мамасаидов, Р.А.Мендекеев, Б.М.Жоробеков
  • ВКП-1 таш жаруучу станогу(2010-ж.)

    Авторлор: М.Т. Мамасаидов,Р.А.Мендекеев, И.Э.Исаев
  • АКУ-1 түзүлүшү(2011-ж.)

    Авторлор: М.Т. Мамасаидов,М.М.Исманов

«Альтерэнерго» илим-изилдөө борбору

«Альтерэнерго» илим-изилдөө борборунда 10 ашуун адаттан сырткары калыбына келүүчү энергия булактарынын эсебинен иштөөчү энегетикалык түзүлүштөрдүн жаңы конструкциялары иштелип чыгылган жана жаратылган. Бул түзүлүштөрдүн аригиналдуулугу КР ойлоп табу үчүн алынган көптөгөн патенттери менен тастыкталган, илимий иштердин жыйынтыгынын негизинде 7 кандидаттык жана 1 докторлук диссертациялар корголгон.

«Альтерэнерго» илим-изилдөө борборунда жаратылган түзүлүштөр
  • СВУ суу жылытуучу түзүлүшү (2000-ж.)
    Авторлор: А.И.Исманжанов,С.К.Султанов
  • ГСВК суу жылытуучу түзүлүшү (2001-ж.)
    Авторлор: А.И.Исманжанов,Б.С.Рассаходжаев
  • СВУ суу жылытуучу түзүлүшү (2001-ж.)
    Авторлор: А.И.Исманжанов,Т.Т. Саткулов
  • "ВЭУ-0,5 П" түзүлүшү(2002-ж.)
    Авторлор: А.И.Исманжанов,Р.Таиров
  • «Компакт» курулмасы(2003-ж.)
    Авторлор: А.И.Исманжанов,Абдрахман У.К.
  • СВУ түзүлүшү (2012-ж)
    Авторлор: А.И. Исманжанов,Ө.У.Дилишатов

«Формалуу кийим» илим-изилдөө борбору

«Формалуу кийим» илим-изилдөө борборунда кездеме жана бут кийим өндүрүшүндөгү проблемаларды чечүү, бул багытта жаңы техниканы жана технологияны иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүп келүүдө. Иштелип чыгылган оригиналдуу конструкциялар КР ойлоп табу үчүн алынган патенттери менен тастыкталган, илимий иштердин жыйынтыгынын негизинде 4 кандидаттык диссертациялар корголгон.

«Формалуу кийим» илим изилдөө борборунда жаратылган машина жана буюмдар
  • Кесүүчү машина (2002-ж.)
    Авторлор: М.Т. Мамасаидов, Т.Т.Якубов, Х.А.Махмудов
  • Атайын аскердик кийимдер (2002-ж.)
    Авторлор: А.Ж.Наватова,Г.Т.Максытова
  • Пахтадан алынган атайын материал (2002-ж.)
    Авторлор: А.Ж.Наватова,Г.Т.Максытова
  • Жүндөн жана пахтадан алынган атайын материал (2002-ж.)
    Авторлор: А.Ж.Наватова, Г.Т.Максытова

“Инновациялык экономика” илим-изилдөө борбору

«Инновациялык экономика» илим-изилдөө борборунда ийгиликтүү иштердин жыйынтыгынын негизинде көптөгөн монографиялар жарык көргөн, 10 ашун кандидаттык жана 2 докторлук диссертациялар корголгон. Бул борбордо жыл сайын мамлекеттик бюджет тарабынан 500-600 миң сомго каржылануучу илимий долбоорлор аткарылып келүүдө.

«Инновациялык экономика» илим-изилдөө борборундагы семинар жана жаратылган илимий эмгектер

“Комплекстүү бирикмелердин химиясы” илим-изилдөө борбору

«Комплекстүү бирикмелердин химиясы» илим-изилдөө борборунда белгилүү усулдарды колдонуунун негизинде жаңы бирикмелер алынууда. Бул иштердин жыйынтыгынын негизинде көптөгөн монографиялар жарык көргөн, 3 кандидаттык диссертациялар корголгон.

«Комплекстүү бирикмелердин химиясы» илим-изилдөө борборундагы илимий лабораториялар

«Жогорку мектептин педагогикасы жана усулу» илим-изилдөө борбору

«Жогорку мектептин педагогикасы жана усулу» илим-изилдөө борборундагы кызматкерлердин талыкпаган эмгектенүүлөрүнүн натыйжасында көптөгөн монографиялар жарык көргөн, окутуунун жаңы инновациялык усулдары иштелип чыккан, 6 кандидаттык диссертациялар корголгон. Бул борбордо да жыл сайын мамлекеттик бюджет тарабынан 500-600 миң сомго каржылануучу илимий долбоорлор аткарылып келүүдө.

«Жогорку мектептин педагогикасы жана усулу» илим-изилдөө борборунда жаратылган илимий эмгектер

«Өзгөчө кырдаалдар медицинасы» илим-изилдөө борбору

«Өзгөчө кырдаалдар медицинасы» илим-изилдөө борборунда негизинен жаратылган аппараттарды клиникалык сыноолор өткөрүү жүргүзүлөт, өзгөчө кырдаалдар учурунда жапа чеккен жарандарга көрсөтүлүүчү биринчи медициналык жардамдардын жаңы усулдары иштелип чыгууда. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында көптөгөн кандидаттык диссертациялар корголгон, ал эми жаратылган аппараттардын оригиналдуулугу Кыргыз Республикасынын ойлоп табуу үчүн алынган патенттери менен тастыкталган.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда жаңыча усулда медициналык жардам көрсөтүү