ТАРБИЯЛЫК ЖАНА КООМДУК ИШТЕР

Тарбиялык иштер окуу процессин сапаттуу жүргүзүүдө студенттердин коомдогу тарбиялык аң сезимин жогорулатууга багытталгандыктан Юридика-бажы факультетинде тарбиялык иштер жакшы жолго коюу менен прогрессивдүү аткарууга багытталат.

Курсту кабыл алуу аземинде
Окуу жылындагы ар бир даталуу күндөргө арналган иш-чараларды белгилөө да тарбиялык иш-планга ылайык иш жүзүнө ашыруу менен студенттик талкуулар, майрамдык кечелер, илимий семинарлар жана спорттук мелдештер өз убагында өткөрүлүп турат.
2013-2014-жыл ЮБФ эн мыкты факультет
2015-жыл Факультеттин жамааты
Жогоруда айтылган иш-чаралар ПОЖнын талкуусунан өтүп деканат тарабынан бекитилген жобого ылайык иш алып барат.
Кураторлордун иш-пландары ПОЖнын талкуусуна алынып деканат тарабынан бекитилген жана ар бир ай сайын тарбиялык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Спорттун ар кандай түрлөрү боюнча факультеттин студенттери Университтеттик, аймактык, Республикалык эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды багындыруу менен көптөгөн сыйлыктардын ээси болушуп, факультеттин спорттук таламын коргоп келүүдө.
Кош жылдыз сынагында ЮБФ гран при ээси
Коомдук иш-чаралар:факультетибизге окуу жай тарабынан бөлүнгөн Сулайман Тоонун алдынан берилген аянтчанын көрктөндүрүлүшү, ал жердин тазалыгы, корукта болушу студенттерибиздин түздөн-түз жарандык милдети болуп эсептелгендиктен, ар бир жума сайын ишембилик уюштурулуп, бул иш-чарага 1-курстан 5-курска чейинки бардык тайпалар активдүү катышат.
Университет, ош шаардык мериясы, шаардык жаштар комитети тарабынан уюштурулган ар кандай иш-чараларга активдүү катышуу менен натыйжалуу жыйынтыктар болду.Мисалга алсак Юв-1-09 тайпасынын студенти Амитов Илимбек Ош шаарындагы Жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн Мырза жигит сынагында 1-орунду ээледи.
Студенттер КВНде
ЮБФ кыз-жигит конкурсунда
Коррупцияга каршы иш-чаралар: коррупцияга каршы иш-чаралар жыл боюу факультет тарабынан түзүлгөн курамдагы комиссия тарабынан көзөмөлдөнүү менен ар кандай коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүү менен каршы күрөшүүгө багытталат. Мисалы: Университетибиздин факультеттеринде «Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, коррупцияга каршы күрөшүүнүн укуктук негиздери» аттуу илимий лекциялар окулат. «Коррупция менен каршы күрөшүүдө студенттердин милдеттери» аттуу темада тегерек столдор уюштурулуп турат. Ишеним кутучалары орнотулуп, ишеним телефондору иштеп коррупциянын алдын алууга багытталды.
Спорттук жетишкендиктер
Студенттердин лидери Каримов Мухаммед, анын жардамчысы Элдияр кызы Шайыргул жана факультеттин активдүү студенттеринин катышуусу менен аткарылган иштер боюнча, саресеп, ой бөлүшүү жана талкуу өткөрүлүп,жыл жыйынтыгын чыгаруу менен окуу жылында уюштурула турган факультеттин коомдук жана тарбиялык иштер боюнча маскаттуу пландар түзүлүп турат.
ЮБФ 2013-2014-жылдагы ийгиликтүү жетишкендиктери
Университеттин мыктылардын мыктысы конкурсунда «Эң мыкты факультет-2014» номинациясы ыйгарылды;
2014-жылдагы илимий ишмердикти жыйынтыктоо конкурсунда жеңүүчү «Эң мыкты илимий эмгек» ю.и.к.,доцент Көкөева А.М.;
Университетибиз тарабынан уюштурулган «Кош жылдыз» сынагында гранпри ээси, «Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасынын окутуучусу Кочкоров К.К.
Университеттин мыктылардын мыктысы конкурсунда «Эң мыкты студент-2014» Юв-1-10 тайпасынын студенти Төлөгөн уулу Азаматка ыйгарылды;
2014-жылдагы илимий ишмердикти жыйынтыктоо конкурсунда жеңүүчү «Эң мыкты илимий студенттик баяндама» Юв-1-10 Каримов Мухаммед;
Спорт чөйрөсүндө: волейбол, футбол боюнча 1 орун (факультеттер арасында,); Университетибиздин спорттогу ийгиликтерине салым кошуу (волейбол, футбол, күрөш); Футбол, волейбол боюнча факультет тарабынан студенттик спартакияда өткөрүлдү;
Кыргызстан боюнча ЖОЖдор аралык спорттук мелдеште, Университет волейбол боюнча 1-орун, футбол боюнча 2-орун (Юв-1-11 тайпасынын,Юв-1-10 тайпасынын студенттери катышкан).
ЮБФ окутуучулары Волейбол оюну учурунда
ЮБФ окутуучулары Волейболдук мелдеште
ЮБФ факультеттер аралык футбол турнирин откоруу учурунда
ЮБФнын спорттук командасы
ЮБФнын футболдук командасы Университетте 1-орун