ТАРЫХ-ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН МАДАНИЙ-МАССАЛЫК ИШТЕРИ

Тарых – филология факультети университеттик деӊгээлде өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышат. Студенттер факультеттер арасында интеллектуалдык деӊгээлди көтөрүү максатында жыл сайын «Билерман ордо» интелектуаллдык шоу өткөрүшөт. Тарых адистигиндеги студенттер «Коррупцияга жол жок» темасында факультете жана шаардык мектептерде презентациялуу сабактарды өтүштү. Көпчүлүк студенттерибиз «Лидерлер мектебин» аяктап, шаардык масштабдагы коомдук иш-чараларга каташышып, жыйынтыгында Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланышты. Факультеттер аралык волейбол боюнча мелдеште кыздар командасы биринчиликке ээ болушту. Андан сырткары «Универсиада - 2015» республикалык таймашка факультеттен төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча студенттер барып келишти. Футбол боюнча КорЯ-1-10 тайпасынын студенти Раимжанов Шерзод, волейбол боюнча РЯЛ-1-11 тайпасынын студенти Мырзабай кызы Мээргүл, жеӊил атлетика боюнча ФБК-1-12 тайпасынын студенти Чолпонбай кызы Бегайм.

Тарых -филология факультетинде 1-курстун студенттерине арналган “Ыйгаруу аземи” өткөрүлдү.

2014-жылы факультетте төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү: XIX кылымдагы искусство, үч мамлекеттин ортосундагы соттук процесс: Улуу Британия, АКШ, Кыргызстан.
Традицияга айланган конференциялар уюштурулуп, поэзия сааттары, адабий кечелер, адабий юбилейлер жана тегерек столдор болуп эсептелет. 31-октябрда Американын улуттук майрамы «Хелловин» өткөрүлүп, андагы чогулган акчаларды балдар үйүнө кайрымдуулук иретинде берилет.
Факультеттердин студенттери ар түрдүү конкурстарда катышышат:
«Мыкты көркөм окуу», «Автордук ыр».
Ошондой эле 31-ноябрда студенттер «англисче сөз» майрамын белгилешип, майрамдык программаларды, улуттук тамактарды, кийим-кечелерди ж.б. көрсөтүшөт.
Көпчүлүк студенттер атайын лидерлер мектебинде окушуп коомдук фонддордон билим алышууда.
Белгилүү иш-чара катары 2015-жылы 15 жолу өткөрүлгөн орус тили жумалыгы болду.
21 февраль бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата университеттик деӊгээлде иш чара өткөзүлдү
Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата 1 курстар арасында жумалык өкөрүлдү.
Факультеттер аралык 2-курстар арасында “Алтын ортолук” кечеси уюштуруучулук менен белгиленди.