blog_2

"Бүтүрүүчүлөр жана иш издөөчүлөр үчүн"

              "Бүтүрүүчүлөр жана иш издөөчүлөр үчүн" ишке орноштуруу боюнча иш - чаралар болуп өттү! Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга комоктошүү башкармалыгы,Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилиги жана «Карьераны өнүктүрүү - ЖОЖдорго чейинки даярдык борбору» менен биргеликте 2018-жылдын 28-апрель күнү саат 13.00дө «Бош орундар» жарманкеси өткөрүлдү.Иш чарага Ош шаарынын аймактарында жашаган жумуш издөөчүлөр,ошондой эле түштүк регионундагы орто жана жогорку окуу жайдын бутуруучулору катышты.Откорулгон жарманкеде катышуучуларга бош орундар жана жумуш издөө боюнча кеп кенештер берилип, Ош шаарынын мекеме-ишканаларынын 300 бош орун, Бишкек шаарынан 500дой бош орун, Ош облусунун райондорунан 62 бош орундар сунушталып,окуу жайыбыздын студеннтеринин чакан концерттик программасы менен коштолду.  Жалпысынан жарманкеге 1046 адам катышты, 270 жумуш издөөчүлөргө кеп-кенеш берилип, алардын 25и жумушка жолдомо алышты.А.э. гранттык негизде бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдү 27-апрель күнү атайын түзүлгөн комиссиянын жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда ишке орноштурууга,иш орундарына бөлүштүрүү иш аракеттери болуп өттү! Иш чараларга катышып берген,уюштурууга жардам берип,дем берген жалпыныздарга уюштуруучулардын атынан терен ыраазычылык билдиребиз,баарыңыздарды келе жаткан майрамыныздар менен куттуктайбыз,ар дайым Жараткан колдоп,ийгиликтер коштоп жүрө беришине тилектешпиз,бүтүрүүчүлөргө да коп ийгиликтерди каалап,биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөрдөн болушунуздарга ниеттешпиз!

             2018-жылдын 1-14 апрель күндөрү аралыгында , колубуздун келишинче, алыбыздын жетишинче аткарган пайдалуу иштер жөнүндө кыскача токтолуп, айрым гана көз ирмемдер менен бөлүшкүм келди(уюштуруу иштерине тиешелүү болгондугум үчүн)! 2018-жыл Кыргыз Республикасында Президентибиздин жарлыгына ылайык "Региондорду өнүктүрүү жылына" карата "Кыргызстан Жаштар Ынтымагы" Коомдук бирикмеси менен 2018 түп терек эгип, республикалык жаштар конференциясын өткөрдүк. Ал эми окуу жайыбызда Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөр жолугушуусун уюштуруп, кароосуз калган келечек муундан кабар алып, спортзалдын ачылышын кылып ж. б. у. с. маанилүү иш чараларды жакшы өткөргөнү аракет кылдык. Көпчүлүгү азаматсынар сонун идеялар менен жогорку деңгээлде уюштурупсунар, мындай иш аракеттер колдоого мактоого аларлык деп, адамгерчилик бийик сапаты менен дем күч беришти, бирок азыраак бөлүгү, тагыраагы 1-2 пайызы жон гана сындап коюп, "Бышкан ашка сынчы көп" демекчи, мейли ким болбосун, Бүткүл дүйнөгө үлгү болгон акыркы жана сүйүктүү Пайгамбарыбызга каршылык көрсөтүп, душмандары болгон сыяктуу, биз дагы болушунча коомубузга, окуу жайыбызга , жалпы эле мекенибизге буйруса болушунча кызмат кыла беребиз, "Миң жолу жарыктык жөнүндө сүйлөгөндөн көрү бир жолу шам жаккан жакшы" аттуу девиз менен алга жылып, "Билген адам иш жасайт, билбеген акыл үйрөтөт" болуп, кудаа кааласа сөзсүз максаттарыбызга жетебиз жана алга жылы беребиз!

blog_2